29-май күнү Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев жана К.Чылабаев атындагы орто мектептерде акыркы коӊгуроо аземи болуп ѳттү. Бүтүрүүчүлѳрдү жана он жылдыкка келген конокторду куттуктап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Талант Узакбаев 5 жылдан бери келе жаткан 1-класстан баштап 11-класска чейинки окуучуларга жана мугалимдерге «Узакбаев Макиш ата» атындагы стипендия үй-бүлѳлүк бюджеттен бѳлүнүп, 2014-2015-жылдын «Жыл мыктысы» наамын ыйгарды.
КР ЖК депутаты Талант Узакбаев ѳз сѳзүндѳ тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти.
Мындан беш жыл мурун Макиш Узакбаев атындагы стипендиясын уюштургам. Бул стипендиянын негизги максаты Барскоон айылындагы Эшанбет Кендирбаев атындагы орто мектебин бүтүп жаткан окуучуларга стимул болсун деп ачканбыз. Бул стипендия дагы так берилип жатыптыр. Критерийлерин дагы жакшы иштеп чыгышыптыр. Мен бул стипендия менен эле чектелип калбастан, жакшы окуган окуучуларды Кыргызстан, Казакстан ѳлкѳлѳрүнѳ, туристтик жүрүштѳрдү дагы уюштуруп берсем деп үмүттѳнүп жатам. Мындан тышкары окуучулардын билим жагына дагы тартылышы үчүн мыкты окуучуларды түштүк жакка ѳзүм ээрчитип алып самалет менен же автобус жалдап алып алып барып келейин деп жатам. Стипендианттарды жакынкы арада Бишкек шаарына чакырып Жогорку Кеӊештин ишмердүүлүгү менен тааныштырып чыгам. Акыркы максатым ушул Барскоон айылынан чыгаан эр азаматтар чыкса деген үмүтүм бар- деп билдирди.
«Бапа жаштар» коому Э.Кендирбаев атындагы орто мектепке жакшы окуган окуучуларга ардак грамота жана мектепке белектерди тапшырды. К.Чылабаев атындагы орто мектепке «Бапа жаштар» коому 40 000 сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлыкты тапшырды. Малик Курманбеков ѳз сѳзүндѳ тѳмѳнкүлѳрдү билдирди:
Мен Барскоон айылында тулуп, ѳскѳм. Барскоон орто мектебинде билим алып бүтүргѳм. Быйыл биздин ак жолтой мектептин 2014-2015 жылкы бүтүрүүчүлѳрдүн салтанаттуу кечесине катыштык. Барскоон айылынан кѳптѳгѳн атактуулар чыгышкан. Биз «Бапа» коомунун атынан келип Казыбай Чылабаев атындагы орто мектепке 40000 сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык жана Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектепке ардак грамоталарды жана баалуу сыйлыктарды тапшырдык. Бүтүрүүчүлѳргѳ кааларым келечектери кеӊ, алдыга койгон максат, тилектерине жетсин. Ак жол каалайм.
2014-2015-жылдын «Жылдын мыкты бүтүрүүчүсү» наамын алган Жазгүл Кубанычбек кызы кубанычын биз менен теӊ бѳлүштү:
Мен быйыл « Жылдын мыкты окуучусу» наамына жана 2000 сом ѳлчѳмүндѳ «Макиш ата» стипендиясына ээ болуп олтурам. Менин бул наамга жана стипендияга татыктуу болушума кѳптѳгѳн мугалимдеримдин эмгеги зор. Булардын ичинде эжейим Карыбай кызы Жыпар эжей, Сатиев Кубан агайдын эмгектери абдан зор. Мени ушул даражага жеткиришкен агай, эжейилериме чоӊ ыраазычылыгымды билдирем. Иштеринде ийгилик болуп, дагы да талбай окута беришсин демекчимин.
«Билим алуу ийне менен кудук казгандай» деген макал бекеринен айтылбаса керек. Келгиле достор, окуучулар тереӊ билим алууга умтулалы.
Даярдаган: Асель Асанова, Эрлан Абласов.