Ар бир бала бактылуу балалыка татыктуу. Буга ылайык Жал айылынын Р.Мамыралиев атындагы гимназия мектеп жааматы 1-июнь балдарды коргоо күнүно карата майрамдык иш чара уюштурду. Майрамда бөбөктөргө арналып чакан ыр, бий концерти коюлду. Андан соң балмуздак таратылды. Балдардын майрамындагы иш чарага Жал2 айылдык ден соолук комитетинин төрайымы:
Галина Петровна демөөрчүлүк кылган.
Ушундай эле балдар үчүн майрам тартуулоону Жал айылында жаңы ачылып жаткан «Нагима» кайрымдуулук фонду уюштурган. Майрамга аярлуу катмардагы балдары жана кичине бөбөктөр, талантуу балдар, ата-энелер чакырылган. Балдар үчүн концерт тартууланып, балмуздак, момпосуйлар таркатылды.
Өткөн майрамдык иш чарага ата-энелер да ыраазы болушту.
Бул фондко атайын айыл өкмөтү тарабынан имарат берилип, «Нагима» калыптануу борбору ачылмакчы. Бул жерге жайкы каникулда балдар келип ар кандай ийримдерге катыша алышат.
Кенениреек «Нагима» кайрымдуулук фондунун жетекчиси: Латипа Жуманалиева буларды айтып берип балдарга каалосун билдирди.
Даярдаган: Аптабалиева Зинат, Кубаннычбек уулу Азамат.