Токтоянда кооз жерлер кѳп, алардын бири токой. Токойго жайкысын айыл тургундары сууга түшкѳнү, балык кармаганы жана эс алганы барышат. Токойдун кооздугу, пайдалуу жактарын айыл тургуну Кѳкүл эне тѳмѳнкүлѳрдү айтып берди: “Токойдун кѳп пайдалуулуктары бар.Токойдо: кыргоол, кекилик, чѳѳлѳр, түлкүлѳр, карышкырлар жашайт. Ичи толгон кооз гүлдѳр. Токойго эс алганы кичинекей балдар гана эмес чоң кишилер да барып сууга түшүшѳт.”
Токойдо өскөн кооз гүлдөр
“Суусу жылуу, таза, токойдун жытындай жыт жок. Арчасы андан жакшы буркурап. Ден соолукка пайдалуу арчасы бар, жапайы карагат, алма-ѳрүгү бар, чычырканак андан дары.”-деп билдирди ал.
“Талдары да сонун. Уук, кереге жасаса жакшы, бышык. Биздин азыркы бакка караганда токойдун талы бекем болот. Аны оңой менен курт да жебейт, биздин бактарды курттар бат эле жеп салып атышпайбы. Токойдун талы кургаганда оңой менен сындыра да албайсын, керек болсо азыр суу кезинде да сынбайт. Айта берсен пайдасы аябай кѳп, токойду коргош керек, жакшы багыш керек.”-дейт Кѳкүл эне
Автору: Адина Осмонова