Убакыт өтүп, мезгил алмашып учурда каржылык сабаттуулукка болгон муктаждар көбөйө баштады. Себеби, жашоодо акча ар дайым маанилүү рольду ойноп келген.
Мурда адамдар каржылык сабаттуулугу жок эле жашап келген. Бирок азыркы учурда бул заман талабы. Деги эле ата-энелер бюджетти туура бөлүштүрөбү? Өспүрүмдөрдүн бул туралуу оюу кандай? – деген суроого Казыбай Чылабаев атындагы орто мектептин 11- классынын окуучусу Аскар Ишенбековдон төмөндөгүдөй жооп алдык:
“Ушул убакка чейин үйдө акча жөнүндө чыр чыккан эмес. Анткени атам менен апам бирге чечим чыгарышат. Азырынча жеке бюджет таба элекмин. Эгер бюджет таба баштаганда үнөмдүү жана туура жака колдонгонго аракет кылам. Мен келечекте аябай жакшы бизнесмен болуп кетсем бюджетимди же акчамды балдар үйүнө же карылар үйүнө бергим келет эле. Азыр учурда балдарга бюджет туралуу же болбосо акчаны кандай коротуу керектигин үйрөтүү зарыл. Анткени азыркы балдар акчасын туура эмес жактарга пайдаланды деп эсептейм. Менин оюум мектепке экономика сабагын киргизүү туура деп эсептейм. Жаштар акчаны туура пайдаланууну билсе, экономика жөнүндө сабаттуулугу болсо Кыргызстан өнүгөт деген ойдомун.”
Ал эми кичи окуучулар акчаны туура колдонот деп айтуу кыйын. Себеби, алар ата-энеси берген акчага мектептеги дүкөнчөлөрдөн ар кандай нерселерди сатып алып жешет. Бирок, алардын акча туралуу түшүнүгү бир аз да болсо бар. Ата-энеси берген акчаны кандай колдонушат, башкача айтканда сарамжалдоо керекпи? Дал ушул суроого 6-класстын окуучусу Жылдыз Мамытова мындайча жооп берди:
«Акчаны балоо бул ата-энең эмгеги менен тапкан нерсени баалап барктап, ата-энеңе жакшы мамиле кылуу. Мисалы:атаң-апаң сага 50 сом берсе бүгүн анын баарын бир сомун калтырбай жок кылсаң а эртеси күнү бизге мектепке керек болуп жатат деп сурап келсе ага бергенге акча жок болуп калса ал баалабагандык болуп эсептелет. Чындыгын айтканда кээде кереги жок нерселерге да коротуп коёбуз. Бирок кээде керектүү нерселерге коротобуз. Мисалы; жаныңда отурган балага аябай срочный керек болуп калса ага бере турушуң керек. Кичинекей менин иним бар, ага 30 сом берсең анын бир сомун да калтырбай коротот. Бирок ага да үйрөтөсүң, ал бир айтканды угуш керек, максаттуу колдонуш керек».
Мектептердеги окуу планына экономика сабагы киргенден бери окуучулар бир аз да болсо каржылык сабаттуулукту түшүнө башташты. Экономика сабагы 9-10-11 класстар арасында кана өтүлөт. Ал эми кичи класстартардын бул сабак боюнча түшүнүктөрү деле жок. Математика сабагынан берген эжей Айжан Төлөгожоева окуучулар үчүн экономика сабагы абдан керек экендиги туралуу буларды айтып өттү:
«Азыркы убакта акча экономикасын окутуп жаткан эң эле керек маселелердин бири. Акчаны мисалы үй-бүлөдө деле балдарга окутулбаса аны ата-энеден сурап аны туура эмес жактарга пайдаланып коюушу мүмкүн. Ошондуктан окуучулар деле акчанын сарпталышы тууралуу жакшы билишсе, ал үчүн өздөрү кичинеден эмгектенип акча тапканды үйрөнүш керек. Эмгектенүүнүн аркасында акча тапса өзү тапкан акча аябай баалуу-барктуу болот. Ошондуктан аны да көп сарптагысы келбейт. Акчаны өзүнөн өзү үнөмдөгөгөндү үйрөнө башташат. Негизи акча тууралуу аябай эле керек».
Сиздер бүгүнкү чыгарылышта өспүрүмдөр арасындагы каржылык сабаттуулуктун канчалык пайызда керек экендиги туралуу уктуңуздар. Сюжетти даярдагандар: Гүлкайыр Осмоналиева жана Эрлан Абласов.