Барскоон айыл өкмөтүнүн бюджетинен кышка даярдык катары 1 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, ага 1 трансформатор жана электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары дагы оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүүдө.
Айыл өкмөттүн бюджетинен алынган 100 кВА трансформаторунун баасы 200 мин сом өлчөмүндө. Ал эми экинчи 160 кВАлык трансформатор «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун колдоосу менен орнотулган.
Барскоон айыл өкмөтүндө трансформаторлор жана электр мамычалары орнотулуп, электр чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
Барскоон айыл өкмөтүндө жалпысынан 9239 адам жашайт. Айыл сыртына жаңы конуштардын кеңейиши кубандырат. Электр энергиясын колдонуучулардын саны өсүүсү менен трансформаторлордун иштешине кыйынчылык жаралып келет.
Жаштык жаңы конушунун тургундары болжол менен 3 км аралыктан электр энергиясын тартып, колдонуп жатышкан. Кыш мезгилинде электр энергиясынын кубаттуулугу жоголуп, бүлбүлдөгөн шамдан айырмасы жок болчу деген Назгүл Байганаева жаңы трансформатордун ишке кириши үйгө жылуулук жана жарык берет деген үмүттө.
Жаштык жаңы конушунун тургуну Назгүл Байганаева
“Биз кыш мезгилинде абдан кыйналчубуз. Анткени, жаңы көчүп келген учурда ар кимибиз колубуздан келишинче свет тартып алганбыз. Ар бир жашоочунун свет үчүн деген зымдары ар башка болчу. Шамал болсо, үйдөгү жарык үлбүлдөп араң күйөт. Кээде тамак да жасай албай калчубуз. Илгерки шамдан айырмасы жок болуп күйүп калат. Жаңы конуштун жашоочулар айыл өкмөткө кайрылып жатып, акыры жаңы трансформаторлуу болдук”.
Барскоон айылынын Жаштык жаңы конушуна жана айыл ичине 2 трансформатор орнотулду. Мындан тышкары Барскоон айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинен 1 миллион сом акча каражаты каралып, ага айыл ичиндеги эки көчөгө трансформатор, электр мамычалары жана электр чубалгыларын орнотуу пландалып жатканын Барскоон аймагынын жетекчиси Эрмек Таалайбек уулу билдирди.
Эрмек Таалайбек уулу
“Кыш-күз мезгилине карата айылдарда кызуу даярдыктар көрүлүүдө. «Барскоон участкалык электр тармактары» ишканасы кошумча 2 жаңы трансформатор орнотту. Барскоон айыл аймагы боюнча жалпысынан 1700дөн ашык түтүн электр энергиясын колдонуп келишет. Мындан сырткары, айыл ичиндеги эскилиги жеткен чубалгылар алмаштырылып жатат”.
«Чыгыш Электр» ачык акционердик коомунун колдоосу менен орнотулган 160 кВАлык транформатор.
Айыл өкмөттүн бюджетинен алынган 100 кВА трансформатор
Жаштык жаңы конушунда ар ким өз алдынча электр энергиясын туташтырып алган. Бирок, андагы электр мамычалары жана чубалгылары талапка жооп бербейт дейт Барскоон аймагынын инспектору Чолпон Исмаилова. Ошондой эле электр мамычаларын короолоруна орнотуп алган тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаңы мамычаларга кошуу иштери жүрүп жатканын баса белгилейт инспектор.
Барскоон аймагынын инспектору Чолпон Исмаилова
«Жаштык жаңы конушунда элүүгө чукул түтүн жашайт. Алар убагында ар ким колунан келген устун менен столбаларды орнотуп алышкан. Алар чирип баштагандыктан, короо ичинде туруусу кооптуу. Кокусунан зымдар үзүлүп короого түшүп калуусу же түбү чирип жыгылышы мүмкүн. Жамгыр жаап, чагылган түшкөн учурда да коркунуч туудурат. Ошол себептен, ар бир тургун менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, короо ичиндеги столбалар алынып, цемент столбаларга туташтырылып жатат».
Талапка жооп бербеген электр мамычалары жана чубалгылары алынууда
Барскоон айыл өкмөтү электр энергиясына эки жылдан бери бюджеттен акча каражатын карап келет. Айыл өкмөт тарабынан 2019-2020-жылга карата бюджеттен 200 миң сом, быйылкы бюджеттен 1 миллион сом өлчөмүндө каралган. Бул каражаттарга бир 100 кВА трансформатор орнотулганын жана алдыда эки трансформатор электр мамычалары жана чубалгылары менен орнотула тургандыгын Барскоон айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Кубан Мамырканов билдирди.
Барскоон айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Кубан Мамырканов
“Биздин айыл Жети-Өгүз районунда калкынын саны боюнча биринчи орунда турат. Калктын санынын өскөндүгүнө байланыштуу электр энергиясын сарптоо да көбөйдү. Жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен эки жылдан бери бюджеттен акча каражаты каралып келе жатат”.
Гүлкайыр Осмоналиева