Нарын районунда жайгашкан 33 мектеп 15-сентябрь күнү эшигин ачып, салттуу окутууну баштады. Бирок, Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби гана балдарга онлайн форматта билим берүүдө.
Жаңы окуу жылынын коңгуроосу 15 — сентябрда кагылып, мектепке келген окуучулар жана ата -энелер салтанаттуу линейкага катышып, үйлөрүнө тарашты. Линейкада окуу онлайн форматта 28 — сентябрга чейин улаанары, андан кийин салттуу окууга өтүшөөрү айтылды.
Болот 8-класстын окуучусу. Ал быйылкы окуу жылын өзгөчө күткөндүгүн билдирип, мектепти сагындым дейт. Ал окуунун 15 — сентябрда башталышы жана 2 жума онлайн болушу ага жагымдуу болбогондугун билдирди.
“Негизи онлайн окуу түшүнүксүз. 28-сентябрда окууга келет экенбиз. Буюрса 2 жума чыдап койсок болду деп жатам. Мага мектепке келип эле окуган жагат…”
Оң тараптан биринчи Болот Бактыбек уулу
7-класстын окуучусу Эрназар дагы онлайн окууну жактырбай тургандыгын билдирип, мугалим менен окуучунун байланышы жакшы болбойт дейт.
“Мугалимдер мектептегидей окуучуларды карабайт экен. Группадагы бардык телефон номурларды эстеп кала алышпайт да. Мектептен болсо жакшы, суроо жаралса ошол замат жооп ала алабыз. Окуу мектепте болгондо сабактарды жакшы түшүнчүмүн..”
Абдылда Аралбаев мектеби 1979-жылы курулган. Быйылкы окуу жылында 540 окуучу билим алууда. 41 мугалим, 16 техникалык кызматкер эмгектенет. Буга чейин жылытуу системасы 3 жолу алмаштырылган мектеп кышкысын талаптагыдай жылычы эмес. Мындан улам, мектептин директору Чынар Абдыкадырова түрткү берүүчү грантка долбоор жазган. Учурда жылытуу системасы капиталдык ремонттон өтүүдө.
Мектептин жылытуу системасы ремонттолууда
Учкун айылынын айыл өкмөтү Эркинбек Өмүрзаков
“Учурда тендерден уткан фирма жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүп жатат. Бул 45 күндүн ичинде бүтчү жумуш болчу. Иш учурунда ток казандын ордун котору каралып, жумуштар бир аз кармалып калды. Негизинен 70% жумуш бүтүп калды”, — дейт Учкун айылынын айыл өкмөтү Эркинбек Өмүрзаков.
Учурда мектептин ичинде ширетүү жана сырдап, актоо иштери жүрүп жатат. Мындан улам мугалимдер китептерди мектептин короосунда таратууга муктаж.
Китеп алып жаткан окуучулар
Башталгыч класстын мугалими Наргиза Капысова
“Мектептин ичине деле окуучуларды киргизип, таратсак болмок. Бирок балдардын ден-соолугу жана коопсуздугу биринчи орунда тургандыгына байланыштуу сыртта таратып жатабыз. Антпесе, башталгыч класстын окуучулары кыймылдуу жана ойноок келишет. Курулуш иштери жүргөндүктөн электр зымдары ачык эле сайылып турат. Бул болсо, абдан эле кооптуу. Андыктан китептерди эшиктен таратып, мектепке киргизбестен, ата – энесинин көзөмөлү менен кайрадан кетирип жатабыз”, – дейт башталгыч класстын мугалими Наргиза Капысова.
20 жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келген Эркебүбү Асанбекова бул жылы 1 – класстын окуучуларын кабыл алды. Ал мектеп босогосун жаңы аттаган окуучуларга билимди жеткирүүдө коркуу сезимдери пайда болгонун бөлүшүп өттү.
“Быйылкы окуу жылы 15 – сентябрда башталды. Баарыбыз үчүн жаңылык киргендей болду. 28 – сентябрга чейин онлайн окууга өттүк. Андан кийин салттуу окууга өтөбүз деп турабыз. Быйылкы жылы 1- классты алганыма байланыштуу окуучуга кандай сабак өтүп, кантип жеткирем деген бир жоопкерчилик туулуп жатат. Интернет заманы болуп zoom, WhatsApp бар болгону менен 6-7 жаштагы бала zoom платформасына кире албайт. WhatsApp деле колдоно алышпайт. Колдоноюн деген балада телефон жок. Мына ушундай себептер менен окуу үзгүлтүккө учурап калабы деген ойдо болуп жатам. Эми талапка баш ийебиз да… Жылытуу системасын толугу менен ремонттон өткөзүп алсак, кышкысын окуу процесси үзгүлтүккө учурабай жакшы болот”.
Эркебүбү Асанбекова
Ал эми 1- класстын окуучулары окууну ар дайым эле “телефон менен окуйбуз” деген түшүнүктө болуп жатышат дейт мугалим Анара Орозалиева.
“Алар онлайн жана оффлайн окуу дегенди айырмалап билбегендиктен, “телефон менен эле окуйбуз” деген ойдо болуп жатышат. WhatsApp аркылуу үн менен сүйлөшкөн кызык болуп жатат окшойт. Кокус жооп бергенге жетишпей же байкабай өткөрүп жиберген болсом, эже мени уккан жоксуз деп кайра сүйлөп, балалык баё сезимдер менен баарлашып жатышат”, — дейт Орозалиева.
Көптөн бери окуунун мектепте башталышын күткөн ата-эне онлайн окуу болоорун укканда түшүнүү менен кабыл алууга аргасыз болушту.
“Уулум менен кызым окуйт. Уулум 1- класска барып жатат. Кырдаалга байланыштуу түшүнүү менен кабыл алып жатабыз. Балдарды бир жума чыдагыла деп көндүүрүдөмүн. Азыр күн санашууда. Ремонт иштери башталганы эле 15-сентябрга бүтүп калабы деп сурап жаттык эле. Анан эле айылдын WhatsApp группаларына кулактандыруу айтылып, балдарымды онлайн окууга көндүрө баштадым. Сабактар жандуу өтүлгөнгө бары бир жетпейт да. Окуучу, мугалим, ата – эне да салттуу окууну каалайт”, — дейт айыл тургуну Айдай Өмүрбек кызы.
Айзат Түмөнбаева
Суусамыр: Мектеп даярдыгы жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү отурумда каралды