“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Жайлоо бала бакчасы-2015” долбоорунун алкагында Барскоондо бакча ачты. Сырт өрөөнүнүн Караколка айылчасында 8-августта “жайлоо бала бакчасы” ачылып, жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурду.
Жайлоо шартында балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнүн үстүнөн тарбиячылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жайыт комитеттери иштеп жатат. Аталган бакчага билим берүү үчүн атайын тарбиячы жана мугалимдер Барскоон айыл аймагынан чакырылган.
“Роза Отунбаева демилгеси эл аралык коомдук фондунун” координатору Асылбек Жооданбековдун айтымында, ачылган бала бакчаларга ай сайын атайын акча төлөнөт деген эч кандай шарт жок. Эгер ата-энелер кааласа, бала бакчанын өнүгүшүнө каалаган суммадагы акча каражаттарын бере алышат.
Бул убакка чейин башка аймактардагы жайлоолордо ачылган бала бакчалар боз үй түрүндө болгон. Аталган бала бакчалар 20-30 балага ылайыкталып салынган.
Ал эми Караколка айылчасында 30-40 балага ылайыкталып жер там түрүндө ишке берилген. Аны мурда жергиликтүү тургундар салган болчу.
Караколка айылынын тургуну жана уюштуруучусу Асылбекова Тотугүл, жайлоо шартынта мындай бала бакчанын ачылыганы жакшы болду жана балдардын аң сезимин өстүрүүдө жардамын берет, дейт.
Бала бакча эрте мененки тогуздан кечки саат бешке чейин кызмат көрсөтөт. Балдар эрте мененки жана кечки тамактарын үйдөн жешет. Ал эми бакчада түшкү тамак гана каралган, аны балдардын ата-энелери моюнга алган.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова