Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, коомдук ишмер Баба Салямовдун элесине арналган футбол 21-август күнү башталды. Футболго жыйырма төрт каманда катышты.
Демөөрчү Өнүгүү-прогресс саясий партиясынын мүчөсү, Баба Салямовдун уулу Хамза Салямов.
Футболдун калыстары Хабила Саттаров жана Исфана шаарындагы Гагарин орто мектебинин дене-тарбия мугалими Чыңыз агай.
Футбол туралуу калыс Хабила Саттаров оюн жакшы өткөндүгүн билдирди.
“Учурда футбол жакшы өтүп жатат. Бул жерде отуз бириге чейин күнүгө саат алтыдан башталат. Бүгүн биринчи күнүндө мен Исфана менен Лейлек камандаларына калыстык кылдым. Эч ким бири-бири менен урушкан жок”, — деди калыс.
Оюнда күнүнө эки каманда ат салышат. Биринчи “Исфана жаштар” менен “Лейлек” айыл өкмөттү оюн көрсөттү. Экинчи “Исфана Центр” жана “Сумбула” айыл өкмөттү. Жыйынтыгында “Сумбула” камандасы “Исфана Центрди” 5:3 эсебинде жеңишке жетти.
Футболду өз колуна алган Хамза Салямов буларды билдирди.
“Бул футбол өтө жакшы башталды. Анда биринчи эле өзүм туулуп өскөн жерим Сумбуланы жана Исфана, Лейлек айыл өкмөттү ачып берди. Жалпысынан 24 каманда катышты. Күнүнө эки оюн болот”, — деп билдирди Салямов.
Байгелери туралуу Хамза Салямов биринчи орун он миң сом экенин билдирди.
“Мен оюнга демөөрчү болуп 1-орун он миң сом, 2-орун сегиз миң сом, 3-орун алты миң сом, 4-орун төрт миң сом,”- деп кошумчалады Хамза Салямов.
Сумбула айыл өкмөттүнүн атынан келген футболист Мурат Чолпонов төмөнкүлөргө токтолду.
“Футбол жакшы өтүп жатат. Биринчи Исфана 2 менен жарышып, 5:3 эсебинде жеңишке жеттик. Мен да бир гол менен каманданы алдыга алып чыктым. Экинчи оюнубуз 24 болуп калса керек”, — деп билдирди.
Даярдаган: Камбарбек Асан уулу, Амантур Ганыев