Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы «Инфраструктура мира и политический диалог» долбоорунун өкүлдөрү Кошбулак аймактык башкармалыгына күтүүсүз жагдайда долбоорлордун аткарылуусуна байкоо жүргүзүү максатында келишти.
«Чу»- дегенде эле «Мурас»- балдар бакчасына келип, тарбиялануучу жаш балдар менен жолугушту. Балдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, Кыргыз тилинде чыгарылган методикалык иштелмелердин аздыгына баа беришти. Бирок ушундай алыскы региондогу бала бакчада «ысык суу -муздак суу» менен камсыз болгонуна жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдиришти.
Андан ары жаңы түзүлүп жаткан бала бакчанын курулуш иштеринин сапаты, көлөмү менен таанышты.
Кабарчы: М. Исканов