Нарын шаарынын жашоочусу Адилат Сапарбаева жиптен кийим токуйт. Учурда атайын бизнес окутуу борборун да ачкан. Анын бир тармагында токуу боюнча сабак өтөт.
Курс 2015-жылдын май айында ачылган. Башталгыч жана улантуучу бөлүмү болуп 10 аял окуйт. Жиптерди Бишкек шаарындагы Дордой же Нарындын базарларынан сатып алышат.
“Бизнес окутуу борборун ачуу идеясы эки жыл мурун келген. Бирок аны ишке ашырыш үчүн убакыт кетип ушул жылдын майында ачууга туура келди”, — деп билдирди Сапарбаева.
Бул жерде баш кийимден тартып көйнөккө чейин токушат. Бирок азырынча аларды сатыкка чыгарыша элек. Кааландай фасондо кийим токуп алып кийишет.
“Биз сатып алган кийимдерге караганда колго жасалгандар сапаттуу болот. Көп акча коротпойсуң. Дүкөндөн каалаган кийимдерди таппай калышың мүмкүн. Колго өзүң каалаган фасондо токуп аласың”, — деди курстун негиздөөчүсү Сапарбаева.
Курста окуунун баасы айына 1000 сом.Толук курс 2.5 айга созулат. Окууну аяктагандарга азырынча сертификат берилбейт. Бирок кийинчерээк бул ишке ашаарын айтат Сапарбаева.
Ширин Жолдошбек кызы аталган курсту толугу менен окуп аяктаган. Ал түз сызыктан тартып көйнөккө чейин токуганды үйрөнгөн.
“Мен курс тууралуу телевизордон көрдүм. Токуганды үйрөнүп, жакындарыма белекке берсем деген максат менен келгем. Азыр ал максатыма жетип ата-энеме, бир туугандарыма ар кандай нерселерди жасап белекке берип жатам”,- дейт курстун бутуруучусу Ширин.
Даярдаган: Адина Жолдошбек кызы