Кочкор районунда шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтар жана медиа маалыматтык сабаттуулук аталышындагы семинар болду. Иш-чарага айыл тургундары катышып, фейк жана анын коомдук турмуштагы ролун, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулашты.
Эл менен жолугушууну Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Кочкор жамааттык мультимедиа борбору жүзөгө ашырды.
Медиа маалыматтык сабаттуулук жана шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтар тууралуу семинарга катышкан Жылдыз Актанова Баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу төмөндөгүдөй пикирде.
Жылдыз Актанова: “Конституциянын жаңы редакциясында жазылган беренелердин көпчүлүгүндө президент көп милдетти өзүнө алат экен. Бул бир жагынан жакшы болду деп ойлойм. Анткени, мурдагы ажолорубуз жоопкерчиликтен качып кеткен күндөрү, алган милдетин аткарбаган учурлары болду”.
Ушул эле район тургуну Кенжегүл Исакова Конституциянын өзгөртүлүшүнө макулмун, себеби жоопкерчилик бир кишиде болот дейт.
Кенжегүл Исакова: “Буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкарууда ушул эле адамдар бийликке келишкен. Демек, жоопкерчилик буларда жок болуп калды. Экономиканын өсүшүнө жана мамлекеттин алдыга жылышы үчүн булар жоопкерчиликти ала алган жок. Бири-бирине гана шылтоо кылып келишет. Ошондуктан, мен Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, анын иштеп кетүүсүнө ишеним артып турам. Баш мыйзамдын өзгөртүлүүсүнө макулмун”.
Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул экендигин Кочкор районунун тургуну, пенсионер Жумабек Мырзакматов да билдирди. Ал Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса, өлкө өнүгүү жолуна түшөт деген ишенимде.
Жумабек Мырзакматов: “30 жылдан бери телевизорду карасак, өнүкпөй койдук эле деп жаткан кишилер. Өнүкпөй жатсак, демек Баш мыйзамды өзгөртүү керек. Мурун кандай эле? Экономикабыз өспөй жатса, премьер-министрди алып койчу. 30 жылда 30 премьер-министр алмашты. Эми президент башкарып, президент жооп берет деп жатат. Туура. Бир киши башкарып, бир киши жооп берсин. Жашообуз өзгөрсүн десек, Конституцияны дагы өзгөртүү керек. Менин түшүнүгүм ушул”.
Карачач Чолпонкулова дагы президенттик башкаруудан өнүгүү багытын күтүп жатканын билдирди. Ал өлкө башчынын жанында анын максатын түшүнгөн жана ынтымакта иш алып барган адамдар болуш керек дейт.
Карачач Чолпонкулова: “Президенттик башкаруу буюрса жакшы натыйжага алып келет. Анткени, бир адамдын максаты менен бирдиктүү жол баштаса жакшы болот деген ишенимдемин. Көп адам ар жака башаламан кылгандан көрө, бир адамдын багыты менен өнүгүүгө бет алабыз деп жатам. Бүгүнкү жолугушууда дагы шайлоо маалында, андан тышкары кадимки жашоодо деле жалган маалыматтарга ишене бербей, аларды аныктоону үйрөттү. Маалыматтардын чын, калпын билүүгө жакшы багыт берди. Өзүбүздө ишенбөөчүлүк жараткан маалыматтарды бөлүшүүдөн мурда башка булактардан дагы издөө керек экен”.
Маалыматты иргөө муктаждыгы жаралды
Эл пикири: Депутаттарга ишеним жана талап болуш керек
Касиет Кубанычбек кызы