«Соң-Көл» орто мектебинде «Башат» усулдук бирикмесинин декадалык иши жыйынтыкталды. Бул бирикмеге башталгыч класстын мугалимдери кирет. Ар бир мугалим декадалык ишти чыгармачылык менен өтүштү.
«Башат» усулдук бирикмесинин жетекчиси Кыял Сулайманова билдиргендей 10 күндүк декадалык иш чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды: «Бул күндөрү ар бир мугалим үчтөн кем эмес сабак өтүштү. Айрымдары мыкты маданий массалык иш чараларды уюштурушту. Бул он күндүк иш чарага Райондук Билим Берүү бөлүмүнөн Астра Асаналиева да келип, бир күндүк сабактарыбызга күбө болуп кетти. Декада учурунда мугалимдер кызыктуу сабактарды уюштурушуп ата-энелердин да ыраазычылыктарына ээ болушту», -дейт.

«Башат» борборунун жетекчиси: Кыял Сулайманова
Насыйкат Алымкулова:
«3а-класска адабий окуу сабагынан өткөн сабагым окуучуларга абдан таасирдүү болду. Бул сабакта «Окуу керемет» программасынын айрым стратегияларын колдонуп, окуучуларды кызыктыра алдым, алардын сөз байлыктарын өстүрүү менен мээге чабуул көндүмдөрү өнүктү»,-дейт.

Насыйкат Алымкулова сабак учурунда окуучуларды образ жаратууга шыктандырды

«Окуу керемет» долбоорунун чиркелишкен от араба ыкмасы
Мээрим Аблабекова: «Балдарга сабак өтүүдө бир нече ыкмаларды колдонуп, топтор менен иштөөдө окуучуларды тездикке, акылмандуулукка, ойлоп тапкычтыкка, билимдүүлүккө үйрөтө алдым», -дейт.
Мээрим Аблабекова сабакты санариптештирүү менен өтүп окуучуларды кызыктыра алды
Ачык сабактан сырткары борбордун мугалимдери Насыйкат Алымкулова менен Мээрим Аблабековалар 3-класстар аралык сарменден оюн-зоок программасын алып барышты. Насыйкат Алымкулова эки класстын жигиттерин даярдаса, Мээрим Аблабекова кыздар тобун даярдаган. Бул мугалимдер балдарды даярдоодо эч кыйналбаганын белгилешти, анткени эки топто тең талантту окуучулар көп дейт.

Кыздардан куралган топ күчтүүлүк кылып, жеңишке жетишти
Махабат Бердибекова 2-класс бир аз кичинекей болгон менен сабакта берилген тапшырмалар көңүлгө толорлук аткарылып жатканын белгилейт.

Махабат Бердибекова адабий окуу сабагы учурунда

2-класстын мыкты окуучуларына берилген упайлар
Кыял Сулайманова 4-класска тарбия сааттан «Ата-эне үмүтүн актайм» деген темада мыкты патриоттук сабак өттү. «Сабак учурунда окуучуларга видео баяндама көрсөтүү менен алардын ой жүгүртүүлөрүн, ата-энелерге болгон мамилесин бир аз болсо да өзгөртө алдым, мен буларды көп кырдуу тапшырма стратегиясын колдонгон окуучулардын аткарган тапшырмаларынан байкадым»,-дейт.

4-класс сүрөттөр менен иштөөдө
«Башат» борбору декадалык ишти мугалимдерге семинар өтүү менен жыйынтыктады. Семинарда айрым жаңы стратегиялар жөнүндө маалымат берилип, аларды кайра мугалимдер топторго бөлүнүү менен аткарышты. Алгач мугалимдерге жагымдуу маанай түзүү менен баштап, стратегияларды Мээрим Аблабекова слайд менен тааныштырды.

Стратегиялар менен жалпы мугалимдер таанышууда
Семинарга катышкан мугалимдерди кыргыз элиндеги тарбиялык мааниси терең макалдарды тандоо менен топторго бөлүп, ар бир топко ар башка тапшырмаларды беришти.

1-топ текстти толуктоо менен эске тутуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө
Топторго алгач чакан видео баяндама көрсөтүлүп, ошонун негизинде тапшырмалар берилди.

3-топ активдүүлүгүн көрсөтүштү

2-топ чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү
Бурул Майрамбек кызы