Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинде Кыргыз Туусунун 30 жылдыгына карата адаттан тыш саамалык болуп өттү. Иш- чараны аталган мектептин 3-классынын класс жетекчиси Эллегия Ормокеева окуучулары менен ишке ашырган.
Анда окуучулар «Алтын Уя» опереттасынын негизинде сахналаштырылган сценканы аткарышкан.

«Алтын уя» опереттасынын негизинде сахналаштырылган
Бул сценка аркылуу ар бир жанга өз мекени кымбат жана ыйык экенин көрсөтө алышкан. Мыкты билим алуу менен гана өз мекенинин туусун өйдө көтөрүп, дүйнөгө тааныта аларын жеткиришкен.

Бала кумурска Көпөлөкстанда
Бала кумурска билим алгысы келбей өз өлкөсүнөн качат. Көпөлөкстандан канат алат, бирок уча албайт. Ийнеликияга барып көз айнектүү болот, бирок ырдай албагандыктан кууп жиберишет. Ал эми кийинки өлкө Балаария болуп, бирок алар эмгек кылбаган жалкоону чагып, сазайын беришет.

Балаариядан дагы куулуп чыгат
Курсагы ачкан кумурска жөргөмүштүн торуна түшүп калат. Аянычтуу үнүн уккан апа жөргөмүш бала кумурсканы айыктырып, курсагын тойгузуп, өз мекенине кетирет.

Жөргөмүштөрдүн торунда
Бала күнөөсүн түшүнүп, мындан ары талбай билим алып, мекенинин туусун бийик көтөрүүгө сөз берет.

Билим алуу менен гана өз өлкөңдүн туусун бийик көтөрө аласың
Асел Үркүнбаева