Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында мекемелер арасында «Ыр кесе» уюшулду. «Ыр кесе» алгач Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жалпы жамаатына сунулуп, 4-март күнү Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө айыл тургундары үчүн майрамдык кече тартууланды.
Бул иш-чарага мектепте эмгектенген агай-эжейлер, техникалык кызматкерлер активдүү катышып, кечени уюштура алышты.
Иш-чаранын программасында жандуу үн менен ырлар ырдалып, кыргыз бийин бийлешип, кыргыздын каада-салттарын, улуттук тамак-аштарын даңазалай алышты.
Мектептин жалпы жамааты
Жаш мугалимдер кыргыз бийин бийлешип, бийге улуттук каада-салттарды, оюндарды камтый алышты
Чачыла чачылып жаткан учуру
Катышуучулар жандуу үн менен аккордеондун коштоосунда ырларды тартуулашты
Айнакан Койчуманова «Жаштык вальсы» ыры менен
Баланы бешикке салуу учуру
Кечени жалпы катышуучулар Нарын гимни менен жыйынтыкташып, кезектеги «Ыр кесени» Казан-Куйган айыл аймагындагы «Баатыр эне- Шоорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жалпы жамаатына узатышты.
Эржан Ноорузбаев, Танзиля Марлисбекова