Базар-Коргон районунда 24-25-февраль күндөрү район боюнча олимпиада адилетсиз өткөндүгүн окуучу Тимурлан Мелисбеков белгиледи.
Олимпиада башталар алдындагы жолугушуу
Олимпиадага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы Сопубек Сариев катышып, окуучулардын алдында олимпиада так, чыныгы, адилеттүү өтөт деген. Бирок ага карабай олимпиаданын жыйынтыгы бурмаланып, окуучунун чыныгы билими бааланган эмес.
Орус тили сабагынан олимпиаданын катышуучусу Тимурлан Мелисбековдун айтымында олимпиаданын жыйынтыгындагы адилетсиздикти төмөндөгү фактыдан көрсө болот:
24-февраль күнкү жыйынтык боюнча төмөндөгү окуучу 33 упай алган. Ал эми 25-февралдагы жыйынтыкта 14 упай алган. Бирок 1-күндүн жыйынтыгын экинчи күнү жазганда окуучуга 0.9 упай кайдан кошулган?
Олимпиаданы өткөрүүдөгү төрага анын мүчөлөрү кол коюп, протоколду тастыкташкан. Жыйынтык чыккандан кийин бир сааттын ичинде кайрылуу жасаса болот дешкен. Жыйынтыкты угары менен Арапатхан Абитова комиссия мүчөсү Жамиля Камбаралиевага чалган.
Арапаткан Абитова- орус тили сабагынан Тимурду даярдаган мугалими:
«Мектеп райондон 40 чакырым алыстыкта болгондуктан жыйынтыкты кеч уктук. Комиссия мүчөсү Жамиля Камбаралиевага кайрылганыбызда мөөнөт бүттү, кайрылуу кабыл албайбыз деп жооп беришти. Мен Тимурдун ишин сурап, өз көзүм менен көрүп, катасын билейин десем. Убакыт бүттү эч нерсе кыла албайсынар деди.»
26 упай алган окуучуга 26.5 упай жазылган. Ал окуучу 3-орунду алган. Демек ал окуучуга 0.5 упай кошулган. Упайы жетпеген үчүн кошулганбы? Эмне үчүн башка окуучуларга упай кошулбайт? Орун алган окуучуларга упай кошулат?
Ушул суроо Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге берилди.
«Мен олимпиада башталар алдында айтканмын. Олимпиада таза, так, чыныгы, адилеттүү өтөт деп. Министрлик тарабынан келген тапшырмаларды өзүм чыгартып, көз алдымда таркатып бердим. Окуучуларга эч кандай жооптор берилиши мүмкүн эмес.
Кошулуп калган упай боюнча териштирип, мүчүлүштүк кетирген комиссия мүчөлөрү керт башы менен жооп берип, жоопко тартылат»-деди Сариев.
Ал эми комиссиянын төрагасы Муратбек Буркановго кайрылганда эки саатын ичинде тактап, билип бере турганын айткан. Бирок эки күндөн бери жооп жок. Телефон аркылуу чалганда жооп бербей өчүрүп койгон.
Тимурлан Мелисбеков Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев, райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге кайрылды:
«Сиздер адилеттүү өткөрөбүз деген олимпиада адилеттүү өткөн жок. Жыйынтыктар белгисиз себептер менен ар түрдүү. Ал эми жарым жартылай жазылган иш менен толук жазылган иштин бирдей упай алуусун кантип түшүнсөк болот. Мен олимпиадага 8-классыман бери даярданып келем. Былтыркы жылы 2 упай жетпей калган. Быйыл жыл бою даярдандым. Мен максатыма жетемин дедим. Бирок комиссиянын мындай кадамы менин оюмду түп тамыры менен өзгөрттү. Эгерде билим берүүдө коррупция бар десе ишенчүү эмесмин. Коррупциябы же таанышпы айтор менин билимим бааланган жок. Жок дегенде 3-орун болом дегем. Бирок асмандан, жерден алынган ашыкча упай кошуулар дал ушул кайрылуу жазуума түрткү берди. Мен эми эч качан олимпиадага катышпайм деп өзүмө сөз бердим. Мени даярдаган эжейим Арапатхан Абитова дагы даярданып эмдиги жылы чыгабыз дейт. Эмнеге? Деги эле мындай коррупциялашкан, тааныштын, комиссия мүчөсүнүн таанышы өткөн олимпиаданын окуучуга кереги барбы? Эгерде упай кошуу кайсыл жактан алынганы иликтенбесе, комиссия составдын эмне кереги? Ошончо окуучуну убара кылып эмне кереги бар, бара турган, өзүнүздөр тандаган окуучунун райондо тандап алып бара бербейсиздерби? Менин оюмда күчтүү мыкты, тандалган райондун кыйындары менен ат салышам дедим эле, жок андай эмес экен биринчи акчаң, таанышың, же эжеке-агайың комиссия болуш керек экен. Өкүнүчтүү….
Урматтуу акимибиз Бакыт Козуев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев эки күндүк олимпиаданын жыйынтыгын дагы бир ирет иликтеп, кайрадан 1-2-3-орунду алган окуучулар менен мени сынап көрүшүңөрдү өтүнөмүн. Мына ошондо адилетүүлүк орноп, жаңы билимге талпынып жаткан биздей өспүрүмдөрдүн канатын сындырбай, кайра аларга алыска учууга өбөлгө түзүп бересиздер деген ойдомун»-деди Мелисбеков.
Тимурлан Мелисбеков
Тимурлан Мелисбеков:
«Мен журналистикада 12 жашыман бери билим аламын. Журналист катары көптөгөн макалаларым чыгып келет. Бирок ушул макалын мен эмес, жаш журналист жазсын, ал эми мен адилеттүүлүктү издеген окуучу катары оюмду билдирейин дедим. Эгерде адилетүүлүк орнобосо, эч кандай чара көрүлбөсө анда коомчулукка «Олимпиада жок болсун» деген ураан менен чыгамын. Билим берүү министрине кайрылуу жасап, жолугушууга барамын.»
Айдай Жапарова