Базар-Коргон районунда жайгашкан Жылдызбек бала бакчасы 2012-жылдан тартып иштеп келет. Бирок бала бакчанын толук шарттары жок.

Жылдызбек бала бакчасынын башчысы Назгүл Токтомуратова бул бакча эски имаратта ачылганын, бөлмөлөрдүн саны аз болуп, тар бөлмөдө бир тайпа окуп, ойноп, тамактанууга туура келээрин айтат.

Бала бакчагадагы 117 баланы 19 тарбиячы карайт. Бала бакча төрт тайпа бар.
Чоң тайпада мектепке чейинки даярдык иштери жүрөт. Ал жерде балдар китеп окуп, тамга жатташат. Андан сырткары орус жана англис тилдерин үйрөнүшөт.

«Ошондой эле Айбек Чомоев чоң жардам берип, бала бакчага жетишпеген бардык нерселерди алып берди», — деди бакчанын башчысы.

«Айыл өкмөт колунан келгенче жардам берет. Мисалы ремонтко, курулушка, күнүмдүк каражатка. Бирок жетишсиз болсо да 3 жылдан бери иштеп келебиз», — деп кошумчалады Токтомуратова.
Жылдызбек бала бакчасына дагы жардам көрсөтүп, кеңейтип, таза суу менен камсыз кылып, балдарга ойноо аянтын салып беришин суранышат алар.
Автору: Алина Ысманбекова
Сынак үчүн