2016-жыл тарых жана маданият жылына карата Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде Сагынбай Орозбаковтун варианты боюнча «Манас тануу»таймашы өттү. Алгач таймашдын башында кыргыз тил мугалимдердин айтуусу менен башталды. Бул таймашта эки мыкты делген топ беттешип,жыйынтыгында «Мурас» тобу ээ болду. Уюштуруучулардын бири Тахмина Алымкулова топтор мыкты даярдыкта экенин өз маегинде билдирди;
“ Бүгүн оюн мыкты деңгээлде өтүү деп айтсам жанылышпайм. Себеби эки команда да күчтүү болчу. “Ак бата” жана “Мурас” командасы да жакшы деңгээл көрсөтө алды. Оюн деген оюн да, таймаш деген таймаш. Бул жолкусун “Мурас” командасы баш байгени алып кетти. Негизинен бул оюн 2,3-жылдан бери өз күчүнө кирди деп айтсак болот. Бирок бул оюн биздин мектепте биринчи жолу өтүп жатат. Бир эле команда даярдачуубуз. Мунусунда атайын кыргыз тилчилер демилге көтөрүп, эжейлер да окуучулар да экиге бөлүп койдук. Мындан ары Э.Кендирбаев мектебине “Манас” эпосун жогорку деңгээлде үйрөтүү”.
«Ак Бата» тобунун мүчөсү Чынарбек Үсөков 9г-классынын окуучусу. Ал таймашка жакшы даярдангандыгын өз сөзүндө билдирди;
“Манас танууга” бир жылдан бери катышып жатам. Катышуу кызуу жүрүп жатат. Бир жумадан ашык убакытта даярданып, экинчи команда менен таймашканы жатабыз. “Манас танууга” катышып Манас эпосужөнүндө ата-бабамдын басып өткөн жолу жөнүндө үйрөндүм”.
“Мурас” тобунун мүчөсү Адинай Таалайбекова 10″в»-классынын окуучусу. Ал женүүчүлөрдүн бири жана өз кубанычын биз менен тең бөлүштү;
“ Оюн мага аябай жакты. Оюн сонун болду. Жеңүүчү болгонго аябай кубандык. Негизи күткөн эмесмин. Чынын айтканда аз эле убакыт даярдандык. Бирок мен “Манас” эпосун 7-класстан баштап окугандыктан жакшы эле болду”.
Эмки зоналык “Манас тануу” таймашы Барскоон айылында өтөөрүн мектеп адимнистратору Карачач Жанболотова билдирди.
Даярдаган: Асанова Асель, Абласов Эрлан.