Нарын районунун Учкун айылында ЮСАИДдин «Бирге окуйбуз» лагери уюшулду. Окутуучулар Нарындан барып окуп келишкен. Бул окуу лагерине 1-4-класска чейинки окуучулар катыша алышат.
Биринчи келгенде ыр ырдашат. Оюн ойношот анан сабакты башташат.

Бул долбоордун уюштуруучусу Гүлмира Имакеева сабакты 14 жолу өткөн. «Атайын берилген жылуу кабинет бар. Китептер, керектүү материалдар «Бирге окуйбуз» тарабынан берилет, кээде өзүбүз айылдык китепканадан алабыз», — деп токтолду.
Окуучулар кандай кааласа ошондой иштешет.

Китептерди текчеге эмес, жиптерге илип коюшкан.

«Cабак эне тилде өтүлөт жана топтор менен иштешет. Балдар колдору менен жасаган нерселерди атайын папкага салып коёбуз», — дейт Гүлмира Имакеева.
Бул лагерге көптөн бери катышып жүргөн Жооданбек кызы Жайна лагерге 14-жолу катышып жатканын, ар 6-күндү чыдамсыздык менен күтөөрүн айтат. «Бул лагер биздин класста эмес башка кабинетте. Эже бизге жомок айтып берет, биз түшүнүгүбүздү айтып беребиз. Оюбуздан жомокторду чыгарабыз ошонусу менен мага жагат», — дейт ал.

Гүлмира Имакееванын айтымында, жетишпеген нерселер көп. «Кийим илгич жасатыш керек жана бир жолу ремонттон өткөрүү керек», — деп кошумчалады мугалим.
Даярдагандар: Бегимай Бекмурат кызы, Жүрсүн Жолдубай кызы, Жанара Баялиева
Сынак үчүн