Ысык-Көл облусунун Тасма айылында айыл тургундары күнөсканада өсүмдүк ,дары чөптөрдү өстүрүү менен алек болууда.Дары чөптөрдү күнөсканада өстүрүүнү атайын окудан окуп үйрөндүк дейт айыл тургуну Асел Байсариева.
«Күнөскананын пайдалуу жактары көп. Эшикте өстүрүүгө караганда күнөскананын ичинде бат өсөт. Жылуу жерге кармоо керек, ошондо уругу бат өрчүп эрте түшүм берет. Булардын баардыгын биз айыл өкмөтүнө келген окуудан үйрөндүк», — дейт Байсариева.
Күнөскананы колдонууда айыл эли да жумуш менен камсыз болуп жаткандыгын билдирди айыл тургуну.
«Күнөскананы азыр жерге себүү, кандай алууну убактылуу үйрөнө элекпиз. Менимче бул иштин пайдалуу жактары көп. Себеби айыл жергесинде жумушсуздук көп эле да. Күнөскананы иштетүүнү үйрөнсө кышы-жайы дебей жумуш менен камсыз болот элек», — дейт Гүлнара Алакенова.
Күнөскананын мамлекет үчүн да пайдасы тиет. Себеби кеткен чыгымдарды актап, дагыда пайда алып келет деген ойдо күнөскана иштетүүнү үйрөнүп жаткан Айсалкын Кашкаева.
Даярдаган: Асанакуноав Нурайым, Амантурова Алина, Асанакунова Сауле
Сынак үчүн