Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев мектебинде 23-февралга карата 9-10-11-класстын кыздарынын катышуусу менен таймаш болуп өттү.

Сынак айылда жыл сайын өтүлүп, салт болуп калган. Айымдар мырзалардын майрамына кече уюштураарын айтты калыстар тобунун мүчөсү Кыдырмыш Масылов.

«Сынак орто денгээлде өттү кемчиликтер болбой койбойт. 9-класс ДПМ сабагын өтпөгөндүктөн, кээ бир тапшырмаларында катачылык болуп жатты. Сынактарды өткөрүүдө тарбиялык жагына да маани берип карап жаттык», — дейт Масылов.

Таймашууда эң мыкты делип 11-класстын кыздары биринчи орунга ээ болду.
«Бул КВН канааттандыраарлык болду. Себеби 9-10-класстын кыздары жакшы даярданган эмес жана техника жагы кыйынчылык туудуруп жатты», — деген оюн билдирди окуучу Айтунук Акылбекова.
Даярдаган: Амантурова Алина, Акунова Ширин
Сынак үчүн