Кара-Суу орто мектебинде жыл мугалими сынагы өтүп, анда айылдын эки мугалими ат салышууда.
Сынактын катышуучулары Кара-Суу орто мектебинде иштеген физика, информатика мугалими Күздөбаева Асем жана башталгыч класстардын мугалими Абдрасулова Аниза болду. Күздөбаеванын эмгек стажы 4 жыл болсо, сынактын дагы бир катышуучусу Абдрасулованын эмгек стажы 6 жыл.
Сынакты мектеп мугалими Гулмира Джумалиева алып барды. Ал кезек менен катышуучуларга сөз берип жатты.
«Мугалим акыл эстин саяпкери,
мугалим жаркын өмүр эң бир кымбат,
адамга ак жол тилейт чебер кылдат,
билимдин акыл эстин саяпкери,
буларга миң мертебе алкыш, урмат», — деп сөз баштады сынактын алып баруучусу Джумалиева.
Калыстар тобунда болсо химия жана биология мугалими Азаркулова Калбүбү жана башталгыч класстардын мугалимдери Ажиева Гүлжан, Акешова Гулнара болду.
Сынактын башында конкурсанттар өзү тууралуу кыскача маалымат айтышты. Андан соң калыстардын суроолоруна жооп берүү бөлүгүнө өтүлдү.
Конкурсанттар докладдарды, жазган эсселерин, даярдаган ар кандай материалдарын жюринин сынагына коюшту. Конкурстун биринчи күнүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
«Буклет боюнча Күздөбаеваныкы толук бүткөн экен, Абдрасулованыкы толук бүтпөптур, доклады жок экен. Абрасулованын эссеси жок экен, толук бүтпөй калыптыр. Сабактары бар экен, көрсөтмө куралдары бар экен, көрсөтмө адаптациясы жок экен. Асемдики толук бүтүптүр, Анизаныкы толук бүтө элек экен. Анизага менин оюмча 4, Асемага 5», — деп билдирди өз сөзүндө калыстар тобу.
Жыйынтыгында Абдрасуловага 12 бал, Күздөбаевага 15 бал берилди.
Даярдаган: Сатыбекова Медина
Сынак үчүн