Жалал-Абад облусунда билим берүү тармагындагы эң башкы иш-чаралардын бири жыйынтыкталды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борбору тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты мугалими-2026» кароо-сынагынын облустук этабы өз максатына жетти. 30-июнь күнү аталган сынактын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлоо аземи жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Бул сынак бир нече айга созулуп, анда агартуучулар өздөрүнүн кесипкөйлүгүн, заманбап усулдарын жана чыгармачылык дареметин көрсөтүштү. Иш-чаранын башкы максаты — мугалим кесибинин кадыр-баркын көтөрүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана талыкпай эмгектенген педагогдорду моралдык, материалдык жактан колдоо болуп саналат. Жыйынтыктоочу аземде сөз сүйлөгөндөр мугалимдердин өлкөнүн келечегин куруудагы, жаш муундарга татыктуу тарбия берүүдөгү ролу баа жеткис экенин белгилешти. Жалал-Абад облусунун мыктылары эми республикалык этапта аймактын намысын коргошмокчу.
Калыстар тобунун чечими менен эң мыкты деп табылган мугалимдерге, тарбиячыларга жана мектеп жетекчилерине атайын дипломдор, баалуу белектер тапшырылды. Салтанаттуу кече концерттик программа менен коштолуп, мугалимдерге өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Калыстар тобунун тыкан жана калыс чечими менен төмөнкү педагогдор алдыңкы орундарга татыктуу деп табылып, сыйлыктарды багындырышты:
«Жылдын мыкты тарбиячысы» багыты боюнча:1-орун: №13 «Байчечекей» бала бакчасынын музыкалык жетекчиси — Анарбек кызы Гүлназ2-орун: №2 «Арча-Бешик» бала бакчасынын тарбиячысы — Нусупова Гульнур
«Жылдын мыкты мугалими» багыты боюнча:3-орун: №22 М. Жамгырканов атындагы мектептин орус тили жана адабияты мугалими — Тыналиева Эльнура Искендеровна. 3-орун: №7 «Манас» мектебинин биология мугалими — Абдыкариева Гүлзат Медетбековна.
Салтанаттуу сыйлоо аземинде жеңүүчүлөргө атайын дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чаранын уюштуруучулары жана коноктору мугалимдердин коомдогу орду баа жеткис экенин, ар бир жетишкендик артында талыкпас мээнет турганын баса белгилешти. Жалал-Абад облусунун намысын коргоп, алдыңкы орундарды камсыз кылган бардык жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Даярдаган: Азема Кудуева