2026-жылдын 18–21-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Акун Ысык-Көл» пансионатында кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, коомдук ишмер жана мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган VI республикалык «Жылдыздуу жээк» поэзия фестивалы жана дүйнө акындарынын Ысык-Көл жолугушуусу жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Фестивалга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан акындар, жазуучулар, мугалимдер, окуучулар жана чыгармачыл инсандар катышып, поэзиянын, улуттук адабияттын жана руханий баалуулуктардын өнүгүшүнө арналган мазмундуу иш-чараларга күбө болушту.

Иш-чаранын алкагында белгилүү педагогдордун жана маданият өкүлдөрүнүн жолугушуулары, чыгармачылык кечелер, поэзия окуулары жана тажрыйба алмашуу аянтчалары уюштурулду.

Катышуучулар адабияттын күчү, көркөм сөздүн баалуулугу жана жаш муунду тарбиялоодогу чыгармачылыктын орду тууралуу пайдалуу маалыматтарды алып, өз ара тажрыйба бөлүшүштү.Фестиваль жаш таланттарды колдоо, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жана кыргыз поэзиясын даңазалоо максатын көздөп, катышуучуларга унутулгус таасирлерди, жаңы достуктарды жана чыгармачылык дем тартуулады.
Мындай иш-чаралар улуттук адабиятты жайылтууга, жаштардын көркөм сөзгө болгон кызыгуусун арттырууга жана руханий мурастарды кийинки муундарга жеткирүүгө чоң салым кошот.
