Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку упай топтогон райондун бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме жетекчилери, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты.


Иш-чараны Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Урматбек Самаев ачып, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин алган жогорку ийгиликтери менен куттуктады. Ал өз сөзүндө билимдүү, сугарылган жаштар өлкөнүн жаркын келечеги экенин өзгөчө белгилеп, окуучулардын мындан аркы билим алуусуна жана кесиптик жолуна ак жол, бийик жетишкендиктерди каалады.


Салтанаттын эң толкунданткан мүнөттөрүндө жогорку упай алган өнөрлүү окуучуларга жана аларды ЖРТга даярдаган тажрыйбалуу мугалимдерге райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары салтанаттуу тапшырылды. Муну менен катар, бүтүрүүчүлөргө эстелик катары атайын ысымдары чегилип жазылган баалуу белек сааттар тартууланды. Бул колдоо жаш канаттардын келечекке болгон ишенимин арттырып, билимге болгон куштарлыгын дагы бир ирет шыктандырды.


1-орун: С. Ормонбеков мектеби — 221 балл.2-орун: Х. Бримкулов мектеби — 217 балл.3-орун: Коргол жана Токтогул мектеби — 212 баллдан ж.б мектептерден жогору балл алгандар болду
Даярдаган: Азема Сабырбекова