Токтогул районуна караштуу, Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын кулуну, №13 Коргол атындагы орто мектебинин быйылкы бүтүрүүчүсү Тентимишов Нуртилек ЖРТдан 212 балл алды. Ал Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 212 упай топтоп, мектебинин сыймыгы болгон Нуртилек өзүнүн максатына кантип жеткени жана ийгиликтин сырлары менен бөлүштү.

Нуртилектин максаты чоң эле — ал «Алтын сертификатка» жетүүнү самаган. Ошол себептен даярдыкты абдан эрте, тактап айтканда, 7-классында баштаган.
»Математика мугалимим Калыбекова Рано эжекем бизге ‘Секомдун’ узун китебин берип койчу. Сабактан тышкары кошумча убакыттарда ошол китептерди иштеп, кызуу талкуулайт элек. Бул бизге чоң пайда алып келди. Себеби, окуучунун ЖРТга чейин күчтүү базасы, фундаменти болсо, анын жогорку упай алууга потенциалы жетет экен», — дейт алгачкы устатына ыраазы болгон Нуртилек.

Алгачкы кадамдар дароо эле жогорку көрсөткүч менен башталган эмес. 9-класста биринчи жолу сынамык тест тапшырганда Нуртилектин баллы 115 болчу. Бирок ал токтоп калган жок. Изденүүнүн, аракеттин аркасында жыл аягында 139га жетти. 10-класста алгачкы жолу 159 упай алганда, өзүндөгү өсүштү (процессти) байкап, ого бетер шыктанган.

Чыныгы олуттуу даярдык 11-класстын алдындагы жайкы каникулда, 1-июндан тарта башталган. Күзүндө курстарга барып, жыйынтыгы 190+ упайдан ашканда, алдыда жаңы сыноо пайда болду: балл 200дөн өйдө көтөрүлбөй, бир орунда туруп калган.

Максатына жетүү үчүн Нуртилек чектөөлөргө барууну чечти. Декабрь айынан апрелге чейин, туура 3 жарым ай бою эч жакка чыкпай, эч кандай курска каттабай, үйдөн өз алдынча (самообразование) берилип окуду. Бул чечим өз жемишин берип, жыйынтыктары 209, 214, атүгүл 217 упайга чейин көтөрүлдү.
»Апрель жана Май айларында жалаң гана практикага басым жасадым. Тестке 2 жума калганда күнүнө 2ден тест жазган учурларым болду. Эң башкысы — кетирген ар бир катасынын үстүнөн тынымсыз иштедим. Ушул ыкма мага эң жогорку упайларды (сынамыктарда 227ге чейин) алууга жардам берди», — деп сыры менен бөлүшөт бүтүрүүчү.

ЖРТнын өзүндө логикалык, татаал суроолор болгонуна карабастан, буга чейинки төгүлгөн маңдай тер суроолорду толук иштеп чыгууга чоң көмөк көрсөттү. Жыйынтыкты күтүү мүнөттөрү толкундануу менен коштолуп, жыйынтыгында 212 упай деген сыймыктуу сан келди.
»Жыйынтык мен күткөндөй (Алтын сертификат) болбосо дагы, бул Кудайдын буюрганы жана абдан жакшы балл. Эң негизгиси — берекелүү балл болуп бергени мен үчүн чоң утуш» — дейт Нуртилек.

Нуртилек өзүнөн кийинки ини-карындаштарына, келечектеги бүтүрүүчүлөргө ийгиликтин үч негизги формуласын сунуштайт:
Эрте баштагыла — убакыт сиздин эң башкы куралыңыз.
Туура система жана план — башаламан эмес, так тартип менен окуу зарыл экендигин баса белгилейт.
Даярдаган Азема Сабырбекова