Базар-Коргон районунун 100 жылдык маарекесине карата окуучулардын катышуусундагы концерттик программа даярдалып жаткан учуру.
Мааракеге райондун мектептеринин окуучулары катышып, бий бийлөө, комузда күү чертүү, «Манас» эпосунан үзүндү аткарылмакчы.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Халыкбаева Дилназдын айтымында «Базар-Коргон районунун 100 жылдыгына карата даярдык кызуу жүрүүдө. Атайын Жалал-Абад шаарынан хореограф келип окуучуларды даярдап жатат.»
Даярдаган: Мелисбек уулу Тимурлан, Маратбек кызы Ширин