Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» программасында айылдагы маанилүү чечимдерди кабыл алган уюмдар жана кызматкерлердин ишмердүүлүгү тууралуу айтылып келет. Бул жолу Суусамыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы кандай иш алып барып жаткандыгы тууралуу маек курулду.
Түз эфирде конокто туруктуу комиссиянын төрагасы Чынтемир Артыкбаев жана мүчөсү Жыргалбай Бектуров болушту. Маектин жүрүшүндө социалдык комиссиянын милдеттери жана укуктары, айылдагы социалдык маселердин деңгээли жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору айтылды. Андан тышкары депутат катары эл менен иш алып баруусу, алардын маселелерин уга билүү, мектептердеги абал тууралуу кеңири айтылды. 30 минуталык түз эфирди төмөндө уга аласыздар.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Ф. Эберт фонду тарабынан колдоого алынган жана фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган: Анарбек Калдыков