Базар-Коргон районундагы кыргыз тил мугалимдери Кыргыз тил коомунун «Ыйык тил» төш белгисин алышты.
Жалал -Абад шаарында 30-апрель күнү «Илим менен билимге көпүрө — тил, көкөлөткөн адамды тили деп бил» деген темада мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгынын 30 жылдыгынын урматына арналган татыктуу кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин сыйлоочу жана жаш өспүрүмдөрдү мекенчил, мамлекеттик тилди даңазалаган Жалал-Абад, Сузак жана Базар-Коргон райондор арасындагы сынагы да болуп өттү.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө кошкон салымы, ийгиликтери үчүн Эл агартуучуларды Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили «коомунун Жалал-Абад аймактык Ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн мамлекеттик тил боюнча кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Асаналиева Үпөл «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйлады.

«Бүгүнкү сынак эң мыкты өттү. Мугалимдердин даярдыгы да жогору. Негизи кыргыз тилин өнүктүрүүдө мугалидердин анын ичинде кыргыз тил жана адабият сабагынын мугалимдеринин ролу аябай чоң. Ошондуктан бүгүнкү өткөрүлгөн сынакта мугалимдер өз кесибин сүйгөн жана кыргыз тилин сыйлаган мугалимдерге стимул боло ала турган сынак болду. Ишиңиздерди ийгиликтер коштой берсин урматтуу асыл мугалимдер,»-деп билдирди ушул сынакты уюштурган Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн Окуу усулдук кабинетин башчысы жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымынын орун басары Маматова Жаркын.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ