Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата “Жыл мугалими — 2019” кароо-сынагы жыйынтыкталды.
Сынактын максаты жободо белгиленгендей окуу-тарбия иштерин жана окуучулардын билим сапатын жакшыртуу, чыгармачыл мугалимдерди аныктоо, жаш мугалимдердин педагогикалык методикалык маданиятын өнүктүрүү жана стимул берүү болгон. Ага жалпысынан 13 мугалим катышты. Сынактын жүрүшүндө мугалимдер сабак өтүү техникасы жана өзүн алып жүрүүсү, атайын түзүлгөн 26 суроодон турган онлайн тестке жооп берүү жана көрсөтмө курал жасоо жана аны колдоно билүү боюнча күч сынашышты.
Жыйынтыгында, баш байгени Токталиева Бегай– 4000 сом, 1 орунду Абдыбачаева Айзаада– 3000 сом, 2 орунду Токтогулова Астра- 2000сом, 3 орунду Жыргалбек кызы Атыр– 1000 сом ээ болушту. Ал эми калган катышуучулар ардак грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Соңунда концерт менен коштолуп, кызыктуу аяктады.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан