
Нарын облусу боюнча Ак-Талаа районунда жума күнү, Ат-Башы районунда жекшемби күндөрү мал базар болуп турат. Куланак, Учкун айылдары жума күндөрү Ак-Талаа районуна барбастан эле жол боюна чыгып малдарын соодалашат.
Жума күнкү мал саткан айыл тургундарын кепке тартттык.

«Бүгүн жума күн болгондуктан базарга мал алып чыккам. Малыбыз өтпөй арзан. Койлорду 4000-5000 сомдон деп сурап жатышат. Өзүм 6000 сомго берет элем. Уйду болсо 40000 сом десем, эч ким сураган жок», – дейт айыл тургуну Камчыбек Андашев.
Мал өтпөгөндүктөн жума сайын алып чыгып сата албай, аны кайра алып кирип жатып бир айдан бери убара болгондугун баса белгилеп өттү.
Куланактын дагы бир тургуну бир уйду сата албай, бир жарым айдан бери соодалай албай келгенин айтат.
![20151116_120104[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2015/11/20151116_1201041.jpg)
«Мен Рыскелди Жусубалиев Куланак айылынын тургунумун. Мал түшкөндөн бери уй сатайын десем баасы чыкпай жатат. Айылдын базарына да чыктым, Ат-Башынын базарына да алып барып көрдүм. Өткөн жок. Эт комбинаты ишке кирген болсо элдин көйгөлөрү оңой эле чечилмек», — деген пикирде ал.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева, Самара Рыскелди кызы
Сынак үчүн