
Нарын районунун Эчки-Башы айылына 10 командадан түзүлгөн грек-рим күрөшү боюнча беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти. Райондук беттеш 14-ноябрда болуп өттү.

Беттешке келген командалар мыкты даярдыктар менен келишкен экен. 30 кг салмакта Урмат уулу Жалын, 33 кг салмакта Алмазбеков Бакыт, 36 кг салмакта Русланов Ардак, 39 кг салмакта Бейшенбек уулу Таалайбек 1-орунду ээлешти. 46 кг салмакта Назарбек уулу Илгиз 2-орунду ээледи. 39 кг салмакта Замир уулу Азамат жана 42 кг салмакта Чынарбек уулу Айдар 3-орунду багындырды.

Машыктыруучусу Назарбек Мусалиев окуучуларына абдан ыраазы экенин билдирди.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева, Самара Рыскелди кызы
Сынак үчүн