Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылындагы орто мектеп Аманкул Куттубаевдин наамын алып жүргөн мектеп. Куттубаевдин наамы мектепке 2004- жылы 12- мартта берилген. Ал мектепте 226 окуучу окуйт.
Аманкул Куттубаев 1907 — жылы 20 — майда Сокулук районундагы, Белек айылында төрөлгөн. 1924-жылы мектепти бүтүргөндөн кийин, ушул эле айылда 1926 — жылга чейин башталгыч класста мугалим болуп иштеген.
1945-1941 жылдары Москвадагы А.В Луначарский атындагы театр институтунун режиссердук факультетине жиберилген. 1934 — жылы башкы режиссер болуп көптөгөн наамдарды алган.
Аманкул Куттубаевдин жубайы Айдаралиева Рахима 1920- жылы туулган. Байланыш министрилигине караштуу „Союз Печать” мекемесинин жетекчиси болуп зор салымын кошкон.
Аманкул Куттубаевдин небереси Чолпон Кочорбаева мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Ал чоң атасын төмөндөгүдөй эскерет:
«Мен чоң атамды убагында көрүп калдым, чоң атам көптөгөн наамдарды алган. Негизи Аманкул Куттубаев кыргыз маданиятына кошкон салымы абдан зор. Аманкул ата менен биз сыймыктанабыз! Белек айылынын белгилүү инсаны болгондуктан, мектептин аты 2004- жылы Аманкул Куттубаев деген ысымы ыйгарылган. Мектепте көптөгөн жаштар билим алган. Мен сыймыктанам өзүмдүн чоң атам менен», -деп билдирди.
Эльфия Данияр кызы, Гульшан Осканова