Сокулук районундагы Белек айылына 4 көчөгө таза суу түтүкчөлөрү киргизилип жатат. Бул долбоор АРИС тарабынан колдоого алынган.
Бул тууралуу «Таза Суу» долбоорунун жетекчиси Тилек Джандралиев мындай деди:
«Таза суу 2003 жылы алынган долбоор. АРИС тарабынан колдоого алынып көптөгөн айыл аймактар суу менен камсыз болууда. Биздин айыл З. Кайназарова айыл өкмөтүнө караштуу. Белек айылы 4 көчөдөн турат. Бардык көчөлөр таза суу менен камсыз болушу шарт.
Белек айылынын таза суу бюджети 17 400 000 (он жети миллион төрт жүз миң) сом акча түзөт.
Суу эсептегич тууралуу айта кетсек, Белек айылында 320 түтүн жашайт, ошонун 70 пайызын АРИС каржылап берсе, калганын жергиликтүү тургундар төлөшү керек. Азыркы заманбап сапаттуу суу эсептегичтер коюулушу күтүлүүдө. Таза суу маселеси буйруса май айлары менен толук ишке берилет».
Айыл тургундары таза суу киргизилип жатканына кубанычта:
«Мурда ошо айылдагы эле түтүктөрдөн суу иччибиз. Анан анын азыр көбү жакшы болбой, акпай калган. Биз суу ташып ичкенге аргасыз болдук дагы, жеке гигиены такыр эле унуттук. Эми мына жаны долбоор аркылуу жаңы кудуктар казылып жумушчулар эмгектенип жатышат. Долбоор ишке киришсе, таза суу ичебиз буйруса. Таза суу керек бизге, балдарыбызга да өзүбүзгө да бул жакшы да, ден-соолукка да жакшы.
Майдан баштап чыгат деп жатат, эми чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Таза суу долбооруна жакшы болду. Биздин айылга келип, ошол долбоорго кошулуп калганыбызга айыл тургундары сүйүнүп жатабыз», деп билдирди Курманжан Султанова.
Мурас Эсентуров, Нариман Бейшенбеков