Бакай-Ата райондук борборлошулган китепкананын максаты – китепканалардан пайдалануучуларга чектелбеген маалыматтар жана жаңы билимдердин маалыматтары менен камсыз кылуу.
Мурунку Ленинполь районунда биринчи китепкана 1937- жылы ачылган. 1953- жылы Ленинполь району Талас районуна кошулган. 1962- жылы алгачкы китепкана Ленинполь айылдык китепкана деген статус менен Ленин көчөсүндө өзүнчө имаратка жайгашкан. 1978-жылдын баштап борборлоштурулган китепкана системасында иштейт. Райондук китепкананын өздүк фонду 121696 китепти түзөт.
Азыркы учурда китепкананы Сапаралиева Тоту Макулбековна жетектеп келет, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси. Райондук китепканада Тоту Макулбековна 28 жылдан бери эмгектенип келет, 12 жылдан бери жетекчи. 2006- жылы китепкананын мүдүрүнүн демилгеси менен “Новая библиотека” мекемеси ачылды.
“Китепкананы жаңыча иштеп башташы үчүн долбоорлор менен иштеп баштадым, Сорос Кыргызстан, ЮНИФЕМ, Здрав ПЛЮС, ПРООН, USAID жана башкалар. Долбоорлор аркылуу жаңы китептерди алдык, техникалык жабдуулар менен камсыз болдук, электрондук китепканабыз дагы бар. Эгерде окурмандар издеген китептерди таппай калсак, анда электрондук китепканадан издейбиз. Ушул өзгөчөлүк үчүн биздин окурмандар көп”, — деп билдирип кетти китепкана мүдүрү Тоту Макулбековна.
Райондук китепкананын окурмандары көбүнчө мектеп мугалимдери, балдар бакча тарбиячылары жана окуучулар. Кыш мезгилинде, китеп окугандардын саны көбөйөт. Пенсиядагы окурмандар күн сайын жаңы келген гезит жана журналдарга келет. Кээ бир окурмандар үйүндө болгон китептери менен бөлүшөт. Бөлүшкөндөр көбүнчө мурда мугалим болуп эмгектенгендер.
“Өзгөчөлөнгөн дагы окурмадар бар, мисалы Миң-Булак айылынан велосипед менен айыл чарба тармагында иштеген окурман, келип дайыма ветеринария, жер иштетүү темаларына тийиштүү китептерди алып кетет. Акыл насааттары менен биз менен бөлүшүп кетет”, — деп кошумчалады китепкана жетекчиси.
Азыркы учурда китепканада 8 киши эмгектенип келет. Окурмандар үчүн ыңгайлашкан, жайында салкын кышында жылуу окуу бөлүмү бар. Китепкана Бакай-Ата районунун борбордук көчөсүндө жайгашкан.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова
Мыкты макала сынагы учун