Кыргыз алмаларынын сортторун бренд кылып чыгаруу максатында Туркиядан 500 миңге жакын алманын жарым карлик жана карлик тамырлары алынып келинип, 5 гектар жерге питомник отургузулду. Азыркы этапта 700 гектар бак менен 7000 адамды жумуш орду менен камсыз кыла алды. 2018- жылы интенсивдүү бактар жыйынтыгын жакшы көрсөтүп, өлкө боюнча жалпысынан бактардын аянты 700 гектарды түзөт.
Кыргызстандын агро тармагын өнүктүрүү менен киреше булагын табуу, жердештерин иш менен камсыз кылуу максатында Миргазы Оморов чет мамлекеттин агро тармагын изилдеп чыкты.
2013- жылы Польша, Сербия өлкөлөрүнө барып, интенсивдүү бактарды өстүрүү боюнча жеринен таанышып келди. 2014- жылы пилоттук кылып 2 гектар жерге 20дай мөмө-жемиш сортторун Бакай-Ата айылындагы жерге отургузду. Эсперименттин жыйынында Кыргызстан климатына туура келген алманын 5 сорту тандалып алынган. 2015-жылы Миргазы Оморов өнөктөштөрү менен биргелекте кооператив түзүшүп, Чүй облусунда 55 га жерге интенсивдүү бак отургузушту.
“Азыр биз дыйкандарга мыйзамдарды жеңилдетип тууралап жатабыз. 2016- жылдын ноябрь айынан тарта жаңы мыйзам иштей баштады. Дыйкандарга дагы жаңы долбоорлорду ойлоп жатабыз, бак-дарактарды жеңил өнүктүрүү боюнча. Мөмөлүү бактардын көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Азыркы учурда Кыргызстан боюнча 52 миң гектар мөмөлүү жерлер бар, приоритет кылып 100 миң гектарга чейин кеңейтүү план коюп жатабыз. Ушул сандарга жетсек ЕС өлкөлөрүн бир топ камсыз кыла алабыз. Бүгүнкү күндө Россия, Өзбекистан өлкөлөрүнө экспорт кылып жатабыз”, — деп билдирди айыл чарба министри Нурбек Мурашев.
Маалымат үчүн, Миргазы Оморов “Азра жемиштери” компаниясынын негиздөөчүлөрүнун бири. “Азра жемиштери” 2014- жылы негизделген. Багыты интенсивдүү багбанчылык. Комплекстүү иш алып баруу максатында компания 2016-жылдан баштап жаңы технологяларды колдонууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова
Мыкты макала сынагы үчүн