12- июль күнү Президент Талас облусуна келип кетти. Биринчиден болуп Мамлекет башчысы зыярат менен “Манас-Ордо” комплексине токтолгон, андан соң Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында курулуп жаткан балдар бакчасына барды. Ошондой эле Тараз-Талас-Суусамыр жолунун курулушуна көңүл бурду.
Күндүн ортосунда өлкө башчысы Бакай-Ата районундагы жеке ишкердин алма багын көрүп кетти.
Сооронбай Жээнбеков Кара-Буура районун Аманбаев атындагы айыл аймагындагы оорукананын ачылыш-аземине катышып, толук бүткөн имараттын ичи менен таанышып чыкты. Жана ошондой эле жергиликтүү эл менен баарлашып, аксакалдар ыраазычылыгын билдиришти.
Жумушчу сапарынын аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, “Чынгыз-Ордонун” куруу пландары менен таанышты. Айта кетсек, маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси жалпысынан 15 гектарга курулат. Шекер айылында Мамлекет башчысы жергиликтүү аксакалдар менен жолукту.
“Чыңгыз-Ордо музей комплексинин башкы ордосу Бишкекте болот. Ал эми Шекер айылында улуу жазуучунун айкели коюлуп, парк, аллея ачылат жана чыгармалардын эстеликтери орнотулат. Курулуу иштерине бюджеттен акча каралган. Жана транш менен бөлүнө баштайт”, — деп кошумчалай кетти маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов.
“Долбоордун ишке ашырылышы менин жеке көзөмөлүмдө”, — деп кошумчалай кетти мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.
Андан соң Президент Талас шаарынын тургундары менен жоолукту. Жолугуу Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында болуп өттү.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова