Базар-Коргон районундагы Ак-Тайлак ата ыйык жеринде Умай энелер ашы-сүмөлөк кайнатылды.
20- март күнү «Ширин», «Жомок», «Гулнара», «Икбол», «Чолпон», «Насыйкат» бала бакчалары сүмөлөктү уюштуруп, түнү бою кайнатышты. Ал эми Базар-Коргон райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов баш болгон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери сүмөлөктөн кабар алып келип, өз каалоо-тилектерин айтып, сүмөлөк аралаштырып кетишти. Ошондой эле, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Тилекеев да келип жакшы каалоолорун айтып кетти.
21-март Нооруз күнү сүмөлөк ачкан кезде Акман айылынын ардагер мугалими ардактуу аксакал Машрапов Андалбек агай баш болгон аксакалдар батасын берип жалпы журтчулукка тынччылык, береке, ынтымак каалашты.
Райондун акими Айбек Бегимкулов, акимдин орун басары Замира Адышова, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тыныч Усенов баштаган бир топ райондо аты чыкан эр азаматтар келип бата менен сүмөлөктү ачып, ооз тийишти.
Ар бир келген конок ооз тийип жатып жакшы каалоо- тилектерин айтып жатышты.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ