Базар-Коргон районунда Нооруз майрамы өттү.
Нооруз майрамын өткөрүүдө Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Усеновдун буйругү менен билим берүү мектептеринин окуучулары катышты.
Майрамда жүз окуучу бий бийлешип ачып беришти.
Жүз окуучу Манас эпосунан үзүндү айтышты.
Улуттун тарыхы Уркуя Салиева жөнүндө көрүнүш көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө Уркуя Салиеванын эмгеги өтө таасирдүү, так чагылдырып берилди.
Абдрахманов атындагы орто мектебинин мугалимдери, балдар чыгармачылык үйүнүн ийрим жетекчилери бул көрүнүшкө катышып, ролдорду эң жакшы аткарып бере алышты.
«Бүгүн Нооруз майрамын өткөрүп жатып элдин майрамдык маанайы эң жакшы экенин байкадым. Окуучуларды даярдоодо билим берүү бөлүмүнүн адистерине, мектеп жетекчилерине, даярдаган мугалимдерине, ата-энелерге ыраазычылык билдирип кетким келет. Майрамды өткөрүүдө биз өз максатыбызга жеттик. 100 окуучу бий бийлешсе, дагы 100 окуучу Манас эпосунан үзүндү айтып, майрамды шаңга бөлөштү,»- деп билдирди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу кабинетинин башчысы Жаркын Маматова.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ