Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде сармерден болуп өттү, сармерденге өнөрлүү, шыктуу, тайманбас кыз-уландар катышышты.

Сармерден жогорку деңгээлде өттү, баары кызыгып катышуучулар эмес күйөрмандар да сырттан колдоо көрсөтүп, кызыгып көрүштү. Бул иш- чара жыл сайын болуп турат. Албетте, жеңүүчү жана жеңилүүчү болот, балдар жеңүүчү болуп абдан кубанычта болушту.

Эрке бала, алып баруучу Хусейн Курсантбек уулунун айтымында: «Сармерден биз үчүн эң мыкты өттү, аябай даярдандык, кыздар да абдан күчтүү болушту, күчтүү жеңет демекчи биз жеңдик, дагы да ушундай конкурстар боло берсин, баарына ийгилик»,- деп сөзүн толуктады.

Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында: «Конкурс жакшы өттү, сармердендин катышуучулары программага ылайык жакшы деңгээлде даярданышыптыр, балдар кыздар өздөрү эле алып барып даярданып, кызыктуу өткөрүштү».

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы