Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн уюштуруусу менен Нооруз майрамы белгиленди. Нооруз майрамына жалпы 9 мектептин мугалимдери катышышты жана элдик таланттар өз чыгармачылыгын тартуулай алышты.Мектептерге айыл өкмөт тарабынан берилген жобонун негизинде сынак жарыяланып, мектеп мугалимдери улуттук тамак-аш жана улуттук кийим-кече көргөзмөсү, бий жана ыр боюнча да сынактар болду.


Мектептер жогорку деңгээлде даярданып, боз үйлөр тигилип, ыр бийлер ырдалды. Айыл өкмөт тарабына калыстар шайланып, мектептердин даярдыгын бааалады. Арасынан белгилеп кетчүү нерсе т.Айбашев атындагы орто мектептин даярдыгын көрүп калыстар тобу жана айыл өкмөт башчысы ыраазы болду.Алар кыргыз элинин байыркы турмушун толугу менен чагылдыра алышты. Айыл өкмөтү тарбынан акчалай сыйлыктар каралды. Андан сырткары түрдүү спорт оюндары да уюштурулду. Көк бөрү, волейбол, шахмат, чүкө атуу, аркан тартмай, тогуз коргол оюндары уюштурулду. Маданий иш-чараларга жалпы 14миң сом акча каралып, ал эми спорт оюндарына жалпы 55 миң сом акча сарпталды. Иш-чаранын аягында айыл өкмөттүн маданият үйүндө жыйын болуп сыйлык ээлерин айыл өкмөт башчысы Нуридин Мадимаров сыйлыктарын тапшырды. Жыйынтыгында 1-орунду Т.Айбашев атындагы орто мектептин мектеп жамааты ээлеп, 3000 сом акча менен сыйланды. 2-орунду Кудайбердиев атындагы жатак лицейи, 3-орунду К.Надиров атындагы орто мектеби ээледи. Сыйлык тапшыруу аяктагндан кийин Айыл өкмөт башчысы сөз сүйлөп, катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кийинки жылы мындан да акча каражатын көп болорун билдирди.
Даярдаган: Галдыбаева Мээрим