8-март Аялдардын эл аралык майрамы Бул күнү бүт мырзалар айымдарды майрамы менен куттукташып, белек, гүл берип маанайларын кѳтѳрүп келишет. Бул майрамда эркектер аял затына таандык болгон жумуштарынын бардыгын ѳздѳрү жасап, айымдардын ыразычылыгына ээ болуу менен бирге алкыш алышат. Бул майрамда айымдар гүлгѳ окшоп жасанышып, супсулуу болуп мырзалардын белектерине, жылуу сѳздѳрүнѳ жана ѳзгѳчѳ мамилесине ээ болушат.Ал эми Барскоон айылынын айымдарынан 8-март кандай майрам -деп сураганыбызда Барскоон айыл аймагынын Жергиликтүү кеңешинин депутаты Жазгүл Мукашова мындайча жооп берди:

«Бул күнү кѳптѳгѳн коллективдерде, кѳп ишкана уюумдарда мырзалар белектерин беришип, жылуу сѳздѳрүн айтышып гүлдѳрүн беришип, үй-бүлѳдѳ болсо мырзалар үйүндѳгү айымдарды сыйлап, ал күнү тамак аштарын жасап, кыздарынын да сабактарына кѳңүл бурушуп, апаларыбызга жакшы сѳздѳрүн айтып, айымдарга кѳбүрѳѳ убакыт берилет. Кѳңүл маани берилип ал күнү айымдарыбыз сый урматка бѳлѳнүшѳт. Айымдарыбыз үчүн ар бир күн майрам, бирок 8-март ѳзгѳчѳ майрамдардын күнү».
Ооба, айымдардын жашоодогу оорду айтып бүткүс чоң дастан. Ал кандай гана кесипти аркалабасын ал мыкты кожойке, сүйүктүү жар жана мээримдүү эне. Аял үйдүн эле куту эмес билим тарбиянын да бешиги, жакшылыктын жарчысы, ынтымактын данакери. 8-март майрамы биздин ѳлкѳдѳ кѳп жылдан бери белгиленип келе жатат. Дал ушул мезгилден тарта аялдар эркектер менен тең тайлаша иштеп, мамлекеттик кызматтарда маанилүү чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Айымдар өзүнүн укугун коргоо үчүн дайыма күрөшүп келген. Бул туурасында Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Руслан Эшманбетов сѳз кылды.

«Кыргыз Автономиялык Республика болуп турганда 1925-жылы 8-мартта биринчи делегация чогулган. Ошондо биздин кыргыз элинен 105 айым катышкан. Алар ал жерден съездден кѳтѳрүлгѳн маселе билимсиздикти жоюу маселеси каралган. Анан ушул айымдарды коомчулукка катышуусун жогорулатуу коюлган ошол жерде».
Ал эми 8-март Аялдардын эл аралык майрамынын тарыхына бир аз токтоло кетсек, 8 -март Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндин сунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн социалисткалардын II Эл аралык конференциясында кабыл алынган. Айымдардын майрамы айрым европалык өлкөлөрдө 1911-жылы, Орусияда 1913-жылдан бери белгиленген. Азыркы күндө 8-марттын түпкү мааниси эмнеде деген суроого гендердик адис Римма Султанова буларды айтып ѳттү:

«8-март майрамы негизги тарыхын карап чыксак эң биринчи маселени кѳтѳргѳнү 8-март аялдардын укугу, аялдардын укугу саясат жактан анан экономика жактан. Биздин аялдардын тарыхын карап чыксак алар шайлоого катыша албай, ѳздѳрүнүн да кандидатурасын коё албай ошол маселени кѳтѳрүп чыгышкан. Экинчиси болсо экономиканы карап чыксак аялдар жумушка чыга албай жүрчү эле. Күйѳѳсүнүн кѳзүн карап, эркектердин кѳзүн карап эле ошолордун шартын карап, жашоону түзгѳнгѳ аракет кылышчу».
Бул күн — 8-Март, кайсыл бир мамлекеттерде таптакыр майрамдалбайт. Ошого карабастан, баардык коомдордо аялдардын татыктуу оорду бар экендигин эскерткен Бириккен Улуттардын бул майрамы Кыргызстанда татыктуу эле, үй-бүлөлүк деңгээлде дагы белгиленип жаткандыгын айта кетсек болот.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева