Ооган-Талаа айылында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров келип, эл менен жолугушту.
2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына» карата мектептер, айыл эли менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угушту.
Жолугушууга Базар-Коргон районунун акими Бегимкулов Айбек, Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов жана Бишкек шаарындагы №5 гимназия мектебинин директору катышты. №21 Ташиев мектеби аталган Бишкек шаарындагы мектеп менен онлайн сабак өтүү боюнча келишим тузүп, түз байланыш аркылуу сабак өтүлөрүн айтып өтүштү. Ошондой эле аймактарды санариптештирүү боюнча №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебине да келишип, компьютер класстарына кирип, дагы компютер алып келүүгө жардам берерин айтып кетти депутат Мирлан Бакиров.
Даярдаган: Тимурлан Мелисбек уулу