Убакытты китеп окуу менен өткөрүү пайдалуу экендигин баарыбыз тең эле угуп келебиз. Бирок күнүнө 20-30 мүнөттү китепке арнап коюуга моюнубуз жар бербейт. Китеп окуу кандай пайдаларды алып келээрин анык билип алуу, күндөрүбүздү китеп окуу менен кооздоого болоорун «Инсандык ϴнүгүү» клубу Сокулук районундагы Новое айылынын Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин окуучуларына түшүндүрдү.
Тренингдин жүрүшүндɵ жогоруда аталган уюмдун мүчɵсү Жийдегүл Аманатова Сассекс университетинин окумуштууларынын изилдɵɵсүнɵ таянып, «Китеп окуу музыка угуу жана сейилдөөгө караганда стресс абалынан 2-3 эсе тез арылтат»,- деп белгиледи. Анын айтымында, китеп окуу эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эң жакшы багыттоочусу. Уйку алдында телефон карап жатууда жана телевизор көрүүдө алардан чыккан ачык түстөр уйкуну качырып, мээге жакшы уктоо программасын түзүүгө жолтоо болот. Ал эми уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетүүгө шарт түзөт. Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө калыптанат.
«Ошондой эле китеп кɵп окуган адамдын интеллекти канча бир деңгээлге жогоруларын, жашоого максат коюу, жигердүү жашоо образына ээ болууга, эс тутумду жана ой жүгүртүүнү жакшыртат. Сөз байлыгыңды кеңейтет, жазуу шыгыңды арттырат»-деп белгиледи Жийдегүл Аманатова .
Белгилей кетсек, дүйнɵ жүзүндɵгү ыктыярчылар жана кайрымдуулук иш-чаралары менен алектенгендердин негизги курамын жигердүү китеп окуучулар түзүшөт. Анткени алар бардык жерден жакшы нерсени таап көрө алышат, жагымсыз абалдардан качышпайт жана жардам берүүдөн аянышпайт. Ошондой эле ал адамдар мындай көз карашты башкаларга жуктурууга аракеттенишет.
Даярдаган: Ширин Эсенкулова