Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи май айылындагы Бактыгүл Мамашова кол өнөрчүлүгү менен он жылдан бери алектенип келе жатат.
Бактыгүл Мамашова кичине кезинен эле чеберчилик ийримдерине катышкан. Жаш кезинен эле курак курап, кемсел бычып, көйнөк тиге билчү. Турмушка чыккандан кийин үйдө өз кол өнөрчүлүгүн уланта баштаган.
«Мен табыштама менен да тигем, эгер табыштама жок болгон учурда тиккен буюмдарымы базарга алып барып сатыкка коём», — деди ал.
Азыркы мезгилде көбүнчө улгайган аялдардын кемсел, көйнөгүн, жаш кыз-келиндердин жайкы көйнөктөрүн тигип акча табат.
Көйнөктөрдүн баасы 350 сомдон 1500 сомго чейин, ал эми кемседердин баасы 800дөн 2000 сомго чейин жетээрин айтат.
«Бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм, себеби мага жагат. Мен кесибимди жакшы көргөндүктөн кызыгуу менен иштеп келем. Келечекте кызыма да үйрөтөйүн деген үмүтүм бар», — деп айтты Мамашова.
Даярдаган: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн