Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Исфана-Андарак-Көк-Таш жолунун 600 метрине сентябрга чейин асфальт төшөлөт. Ал эми Андарак айылындагы ар бир үйгө таза суу киргизилет.
Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдурайим Жураев билдирди.
«Сумбула айыл өкмөтүндө түрткү берүүчү гранттын эсебинен дагы 600 метр жолду асфальттайбыз. Буга үч миллиондон ашык каражат кетет. Көк-Таш айылына ФАП курулуп жатат», — деди Жураев.
Исфана-Андарак жолунун эки километр аралыгы 2015-жылы асфальттанганын жазып чыкканбыз. Калган он километрине жакынкы жылдарда асфальт төшөлөөрүн айтат жоопту катчы.
«Сумбула айыл өкмөтүнүн иш-чарасы Исфана-Андарак жолуну асфальттан өткөрүү. Буга өтө чоң акча каражатты керектелип, бул боюнча 12 километрдин эки километри асфальттанган болчу. Он километрин дагы асфальттоо каралып жатат», — деп токтоло кетти Жураев.
Ошондой эле, Андарак, Искра айылдарындагы ар бир үйгө таза суу киргизүү пландалып жатат.
«Оросолок суусун алып келүү керек. Ар бир үйгө таза суу түтүгүн киргизип, Коммуна, Искра, Андаракты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор жазганбыз. Донор изделүүдө», — деп кошумчалап өттү ал.
Сурамжылоого катышкандын он айыл тургуну үйгө суу киргизилсе жакшы болоорун айтат. Искра айылынын тургуну Дөөлат Уматкулов үйгө таза суу киргизилсе оору азаят деген ойдо.
«Ар бир үйгө суу киргизсе жакшы болот. Элге жеңил болот. Эл таза суу менен камсыз болсо ден-соолук чың болот», — дейт ал.
Даярдаган: Камбарбек Асан уулу
Конкурс үчүн