Советтик киноматографиянын чыгаан актерлорунун бири, Сүймонкул Чокморов менен кинотасмаларга тартылган Насирдин Дубашев Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.
«Көнөк» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Дубашев менен маек курушту.
— Саламатсызбы, Насредин Дубашов ата! Бизге маек куруп берип жатканынызга рахмат!
— Силерге да рахмат!
— Сиз канча жашыңыздан киного тартыла баштадыңыз эле?
— Силерге окшоп окуучу болгон кезимен тартыла баштагам. Тагыраак айтсам, 3-4 класс болчумун.

— Сиз кайсы каарманыңызды жактырасыз»?
— Мага эки каарманым жагат жана жакынырак сезилет. Алар: Айтматовтун «Жамиля» чыгармасынын негизинде тартылган кинодогу Сейиттин ролу жана Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» деген тасмасындагы Калыктын ролу мага жакын. Себеби өзүм да кичине кезимен атам менен мал багышып жүрүп калгам.
— Сиздин тартылган биринчи тасмаңыз кайсы?
— Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» тасмасы. Бул кино 1964-жылы тартылган.

— Кайсы окуу жайды аяктадыңыз эле?
— Мен жаш балдардын образын жараткандыктан атайын окууну окуган эмесмин. Бул баягы тубаса мүмкүнчүлүк деп эсептейм.
— Азыркы кыргыз киносу жөнүндө оюңуз кандай?
— Кыргыздын жаш режиссерлору көп. Алар колунан келген тасмаларды тартып жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Айта турган бир гана нерсе, тасманын мазмунун, сапатын оңдоо керек.
— Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бериңизчи?
— Мен өзүм алты бир тууганмын. Эки кыз, бир уулдун атасымын. Азыр ардактуу эс алуудамын.
— Жаш муунга каалоо-тилегинизди айтып коёсузбу.
— Балдарым силерге кааларым көп, билим алууга умтулгула. Адептүү жана ыймандуу жаштардан болгула.

Даярдагандар: Артык кызы Гүлназ, Өскөнова Эркайым, Оморбекова Аяна, Орозбекова Аяна, Медербекова Сайкал.