Өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жарандар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Алардын арасына Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахмаджан Абдурахманов да бар.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгектери үчүн Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Ахмаджан Абдурахманов «Даңк» медалы менен сыйланды.
“Берилген медал бизди дагы да күжөрмөндүк менен иштөөгө жана айылды мында да мыкты деңгээлде башкарууга түрткү берет”, — деп билдирди Абдурахманов.

Сүрөттө Ахмаджан Абдурахманов оңдон төртүнчүсү.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сүрөттүн автору: Султан Досалиев