Бишкекте пластикалык бөтөлкөнү кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Заводду кыргызстандык жаш жигиттер негиздеген. Алар мындан эки жыл мурун шаарды пластикалык бөтөлкөлөрдөн арылтуу максатында урналарды коюп баштаган. Учурда чогулган бөтөлкөлөр кайра иштетилип, өндүрүлгөн продукция Оруссияга экспорттолууда.
Пластикалык бөтөлкөлөргө экинчи дем берүү идеясы мындан 2 жыл мурун жаралган. Алгач, тазалык маданиятын жайылтуу максатында иш баштасак, азыр бөтөлкөлөр кайра иштетилип жатат дейт “Begreen” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аман Сейдакматов.
Аман Сейдакматов: “Биз шаардын ичинен көп учурда хот-дог сатып алып жечү элек. Ошол айланада пластикалык бөтөлкөлөрдүн толуп калгандыгы тууралуу сүйлөшүп, кантип бөтөлкөдөн арылсак болот деп өзүбүзгө суроо узаттык. Бөтөлкөлөр үчүн урналарды жасоо идеясы ушинтип пайда болгон”.
Ал учурда глобалдуу бир нерсе жаратуу идеябыз жок болчу деген Аман Сейдакматов, алгач филармонияга достору менен барып, ал жердеги таштанды абалына саресеп салганын билдирди.
Аман Сейдакматов: “Биз филармониянын алдын барып карасак, ал жерде таштанды бөлүп салуучу урналар бар экен. Бирок, эл ага көнбөгөндүктөн, ар түрдүү таштанды аралаш эле салыныптыр. Дагы бир кызыгы, “Тазалык” ишканасынын кызматкери келип, бардыгын бир эле чогултуп алып кетет экен. Ошондон кийин, биз пластикалык бөтөлкөнү бөлүп сорттоого элди үйрөтүү керектигин түшүндүк”.
Негиздөөчүлөр алгач болочок урналардын эскизин түшүрүп, шаарда эл көп чогулган соода борборлорунун алдына коюуну максат кылышат. Бирок, айрым соода борборлор бул сунуштан баш тартса, айрымдарды шаарды таза тутуу идеясын колдошот.
Аман Сейдакматов: “Биз биринчи урнабызды жайгаштырып, ошол жерде турсак бир бала суусун ичип бүтүп өтүп баратып, кайра келип бөтөлкөнү салып жатпайбы. Биз ошондо ага кол чаап, биринчи бөтөлкөнүн алгачкы урнага түшкөнүнө ыраазы болдук. Биринчи жасалган урнанын ичине болжол менен 600 бөтөлкө батат эле. Биз аны 1-2 жумада толотго деп ойлогонбуз. Бирок, ал 3 эле күндө толуп калды”.
Бактыяр Замирбеков: “Толуп калган эч нерсе эмес, биз ичиндеги пластиктерди тазалап кетүү жолун эч ойлонбоптурбуз. Тазалайлы деп барсак, анын 80% таштанды экен. Арасында памперстен бери бар. Өзүбүз урналарды койгонубуз менен башында уялып жүрдүк. Кечинде шаарда эл калбай калган маалда барып, урнаны бошотуп алчубуз…”
Андан соң, жаш жигиттердин идеясына кызыгып жеке ишкерлер өз сунушун жана колдоосун көрсөткөн. Учурда аталган компания Бишкек жана Ысык-Көл облустарында беш жүздөн ашык урналарды койгон.
Бактыяр Замирбеков: “Биздин урналар көбөйгөн соң, бизге ар кайсы жерден урналар толуп калгандыгын айтып чалып жатышты. Ошол учурда биздин оптималдуу чечимибиз жок болчу экен. Абалдан чыгуу үчүн биз мобилдик тиркеме жасайлы деп чечтик”.
Билимбек Бактыбеков: “Мобилдик тиркеме башынан эле болгон. Бирок, акча каражаты жок болуп, толук кандуу иштебей турган. Бул нерсе Бактыяр менен Аманды тоболкелчиликке дагы да кептеп турган. Себеби, өздөрү төлөй албай турса дагы, ошону кылышыбыз керек дешти”.
Тиркемени компаниянын өкүлдөрү гана көрүп, шаардын кайсы бурчундагы урна канча убакытта толо тургандыгы, качан алып кетүү зарылдыгы тууралуу маалыматтар камтылган дейт негиздөөчүлөр.
Бактыяр Замирбеков: “Ушул урналарды орнотуп баштаганда эле биз дагы завод ачып, пластикалык бөтөлкөгө экинчи дем берсек деп ойлончубуз. Кайра иштетүүдөн кийин колубузга башка бир продукцияны алсак деп кыялданчубуз”.
Учурда жаңы ишке кирген заводдо пластикалык бөтөлкөлөргө экинчи дем берилип, алардан флекс өндүрүлөт. Ал Орусияга экспорттолот. Компаниянын негиздөөчүлөрү алдыда заводдун экинчи баскычына даярдык көрүп жаткандыгын маалымдады. Алдыга койгон максат ийгиликтүү ишке ашса, бөтөлкөдөн кайра иштетилген сырье синтепон калыбына айланмакчы.
Касиет Кубанычбек кызы