20-январь күнү Баетов айыл аймагынын айылдык клубунда коомчулуктун, жергиликтүу бийлик өкүлдөрүнүн, коомдук жана жамааттык уюмдардын, “Айыл демилгеси” жана Германия кызматташтыгынын “Жарандык коомду колдоо” долбоорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук угуу болуп өттү.
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков:
“Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоору Германиялык GIZ уюмунан финансылык колдоо тапты жана анын негизинде 17 таштанды салуучу контейнер коюлат. Жашоочулар эми таштандыны сорттоону үйрөнүүсү зарыл. Долбоордун негизги максаты- айылдын санитардык-эпидеиологиялык абалын жакшыртуу, пластмасс жана полиэтиленден жасалган буюдарды кайра иштетүү ” дейт.
Даярдаган: Б. Мамытбекова.