Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган демилгелүү топтун мүчөсу Жукеш уулу Максат айылда көйгөйлүү маселелердин бири бул таштанды деп билдирди. Анын айтымында демилгелүү топтун мүчөлөрү сурамжылоо жүргузгөндө катышкандардын 66 пайызы таштанды негизги көйгөй деп белгилешкен. Сурамжылоонун жыйынтыгында Баетов айыл аймагы менен бирге долбоор жазылган. Долбоор “Айыл демилгеси” коомдук бирикмеси аркылуу жактырылып, GIZ Германия кызматташтыгыны «Жарандык коомду колдоо» долбоору тарабынан финансылык колдоого алынды.
“Жергиликтүү жана тышкы ресурстарды тартуу, ошондой эле алардын колдонуусун баалоо, мониторинг жүргүзүп туруу 11 адамдан турган демилгелүү топтун негизги максаты. Буюрса “Биз айылды бирдикте тазалайбыз долбоору да ийгиликтүү болот деп ишенем” дейт Жукеш уулу Максат.
Даярдаган: Б. Мамытбекова